super.kg logo

"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларын сатып алуучулардын жоктугунан аукцион өтпөй калды

 

"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларын сатуу аукционуна каттоо 15-июнда аяктап, 16-июнда аукцион өткөрүлмөк.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун расмий сайтында жарыяланган маалымат боюнча, "Мегаком" соода маркасынын алдында көрсөтүп келген "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун 100 пайыз акцияларынын сатылуусу аукционго катышууга каалоочулар болбогондугуна байланыштуу өткөрүлбөй калды.
"Аукционго экиден көп сатып алуучу катышса гана аукцион өттү деп эсептелинет. Бирок 15-июнда саат 10:00дө катышууга эч кимден өтүнмө келген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Фонддун берген маалыматына таянсак, "Альфа Телекомдун" 7800 сатуу пункту, облустар боюнча 7 регионалдык бөлүмү, 31 фирмалык салону бар. 2015-жылдын 30-июнундагы көрсөткүчү боюнча, анда 1263 адам эмгектенип, абоненттик базасы 2 миллион 829 миң адамды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
17.06.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рас бодуптур албай эле сатылбай эле койсун мегаком мыкты компания
17.06.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет эптей албай жатбайбы. Жакшыраак бизнесмен сатып алса онукмок андан да. Бирок сатып алган бизнесменди да жон койбойт бул Мамлекет.
hubabubba түзөттү 2016-06-17 18:24:25
17.06.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hubabubba,Эптей албай калды деген ал жепжутарлардын шылтоосу.. Кыргызстандын тең жарымы мегакомдун абонентти болсо кантип өзүн өзү Эптей албай калсын? Мамлекетке жок дегенде мегаком калса жакшы болмок
17.06.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегакомду сатып башка компания ачабыз дешип коёот...акыры шылтоо таба албай жолго шылтадыго чиркин.Мен эч ишенбей турам...сатылган соң мамлекетке жарытылуу пайдасы тийбейт.Жолго акчанар жетпесе неге баштадынар.жети өлчөп бир кесиш керек эле
18.06.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени ушу мегакомдун башчысы кылып иштет десе. Мамлекеттин эсебинен чыгарбай саттырбай эле аябай чон пайда алып келе турган мамлекеттик ишкана кылмакмын.Булар азыр сата турган акчасын 1 жыл болбосода 2 жыл актамак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: