super.kg logo
  Спорт  

Евро-2016: Италия курамасы Швецияны утуп, мелдештин жарым чейрек финалына чыкты (фоторепортаж)

 
Голдун автору Эдер

Бүгүн, 17-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунун 2-турунда Швеция-Италия беттеши орун алды. "Е" тайпасындагы оюн 1:0 эсебинде италиялыктардын жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду оюндун 87-мүнөтүндө Эдер киргизди.

Швеция курамасы демилгени колго алууга аракет кылып, алгачкы мүнөттөрдө атаандашты коргонуусунан чыгарбай басып туруу аракетин көрдү. Бирок Италия сыяктуу коргонуудан ыкчам чабуул уюштурган команда менен ойноодо өтө ыңгайсыздык жараларын Златан Ибрагимович баштаган Швециянын футболчулары жакшы билишет. Жыйынтыгында Швеция каршы чабуулдан "сезгенип", оюнду жарым талаада өткөрүүгө аракет кылды.

Алгач кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү өтө аз түзүштү. Мисалы, 1-таймда дарбазага 1 гана таамай сокку багытталды. Көптөн күткөн эсеп 87-мүнөттө ачылды. Кьеллини "аутка" кеткен топту оюнга киргизип, топ үчүн күрөштө Пароло башы менен Эдерге пас бергенге жетишти. 4 коргоочунун курчоосунда калганы менен Эдер бул чабуулду гол менен жыйынтыктай алды.

Жыйынтыгында Италия курамасы 2 оюн катары менен жеңишке жетишип, упайларынын санын 6га жеткирди. Команда плей-офф баскычына бериле турган жолдомону камсыздай алды. Швециянын тагдыры кийинки оюнда чечилет.






Италия - Швеция - 1:0. Эдердин голу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
17.06.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
базар жок... Германия же Франция чемпион болот
17.06.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Италияда шанс болчудайго
barsa30 түзөттү 2016-06-17 21:58:49
17.06.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
я за португалия
18.06.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Италияны эчким тоготподу эле башында ото жаш команда дешип жарып шалышты.
18.06.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хорватия Чехия 2 2 ничья
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: