super.kg logo

Обама, Путин баштаган дүйнөлүк лидерлердин чогуу же коомдук жайлардан тамактануусу (фото)

 

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп жакында Атланта шаарынын жашоочулары менен жолугушууда Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ынды Вашингтондон кабыл алууну каалай турганын айтты. Бирок Трамп аны менен бирге түштөнүүнү каалабай турганын белгиледи. "Ал президент менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн жаман нерсе көрбөйм. Менин ага барбашым анык, эгер бул жакка келсе кабыл алам. Бирок аны менен расмий түштөнүү уюштурмак эмесмин", - дейт Трамп.

Дүйнөлүк лидерлер расмий иш сапарлардын алкагында бирге түштөнүп, эркин форматта пикир алышканы кадимки көрүнүш. Орусиялык маалымат булактарынын бири дүйнөгө таанымал лидерлердин чогуу же коомдук жайлардан тамактанып жаткан сүрөттөр топтомун жарыялады...

1. 2002-жыл. Орусия президенти Владимир Путин, Германиянын канцлери Герхард Шрёдер жана Украинанын президенти Леонид Кучма Украинанын аймагынан өткөн магистралдык газ түтүктөрүн пайдалануу боюнча кызматташтуу тууралуу документке кол коюшкандан кийин менен "Подворье" ресторанында тамактанууда.

2. АКШ президенти Жорж Буш (кичүүсү) Хайлигендаммда G8 саммитинин расмий кечки тамагы башталар алдында Германиянын канцлери Ангела Меркелге кам көрүүдө. 2007-жыл.

3. 2010-жыл. Орусия президенти Дмитрий Медведев менен АКШ лидери Барак Обама Арлингтон шаарындагы "Ray's Hell Burger" кафесинде гамбургер жеп жатышат. Медведевдин АКШга иш сапар менен барган учуру.

4. Дүйнөлүк маселелерди талкуулоо жана сыра ичүү үчүн Улуу Британиянын премьери Дэвид Кэмерон менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бириккен падышалык башчысынын резиденциясына жакын жердеги "The Plough" пабына киришкен. 2015-жыл.

5. Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе өзүнүн 92 жылдык мааракесинде пирог жеп жатат. Мааракеге казынадан 1 миллион доллар жумшалган. 2016-жыл.

6. Сирия президенти Башар Асад салгылашуу маалында тыныгууга чыккан аскерлер менен бирге тамактанууда. Дамаск, 2015-жыл.

7. Боливиянын президенти Эво Моралес Кочабамба шаарындагы футболдук беттештен кийин папайя жеп жатат. Моралес футбол менен астейдил алектенген лидер, ал 2014-жылы "Спорт Бойз" клубу менен келишим да түзгөн.

8. Бразилиянын президенти Дилма Руссефф шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы учурунда Рио-де-Жанейродогу ресторандардын биринде тамактанууда. 2014-жыл.

9. Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика өзүнүн ордосунда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду кабыл алуу учурунан. 2012-жыл.

10. Тайвандын президенти Ма Инцзю шайлоо алдындагы үгүт кербени кызып жаткан учурда кесме ичүүгө кирген. Кесме президентке жаккан.

11. Израилдин президенти Шимон Перес жана Ашдод шаарынын мэри Йехиэль Ласри Ашдод шаарындагы соода борборунда балмуздак жеп отурушат.

12. Перунун мурунку президенти Алехандро Толедо шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында өлкө борборунун четинде көбүнчө жумушчулар тамактанган жайга кирип, эртең мененки тамагын жеген. 2011-жыл. Шайлоодо Толедо утулуп калган.

13. Швейцариянын президенти Паскаль Кушпен 2008-жылы парламент жыйынында.

14. Бразилия президенти Луис Инасиу Лула да Силва Гватемаланын борбор шаарындагы ашканалардын биринде тамактанууда. Аталган президент "өлкө сыртында болсо да элге жакындыгын көрсөткүсү келген популист" деген сындарга көп жолу кабылган.

15. Филиппиндин президенти Глория Макапагал-Арройо жана анын күйөөсү Хосе Мигель Пусандагы Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинен кийин Гонконгго барышкан. Сүрөттө алар оркестр коштогон иш-чаранын ачылыш алдында балмуздак жеп турушат.

16. АКШнын вице-президенти Жо Байден Дарэм шаарындагы иш сапары учурунда "Bullock's Barbeque" кафесинде шоколадга малынган кулпунай жеп жатат. 2010-жыл.

17. Уругвайдын президенти Хосе Мухика достору менен Монтевидео шаарында пицца жеп түштөнүүдө. 2014-жыл.

18. Гондурастын тактыдан кулатылган президенти Мануэль Селайя Окоталь шаарындагы фермалардын биринде банан жеп жатат. 2009-жыл, 28-июль.

19. АКШ президенти Барак Обама менен британиялык премьер Дэвид Кэмерон баскетбол оюнун көрүү учурунда хот-дог жеп отурушат. 2012-жыл.

20. АКШ президенттигине талапкер Жон Керри шайлоо кампаниясы маалында тик учакта баратып тамактанууда. 2004-жыл. Шайлоодо Керри Жорж Бушка (кичүүсү) утулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
20.06.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уругвайдын президенти ото жонокой деп окуган элем кайсыл бир гезиттен.
20.06.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балмуздак жегендери кызык чыгыптыр, Израил президентинин))
20.06.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Обама хот дог, гамбургер у.с тез тамактануучу жайлардан тамактанат окшойт ээ бастаянна))
20.06.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Негизи обама фаст фудда жакын окшойт качан караса бургер эле жеп журот ко , биздин ажо кана ? Устукан жеп олтурган фотосу жокпу
20.06.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушу Обама братанга биздин Оштун самсасын жедириш керек да.Тажибай самсачыны Акшга алып кетип калса керек эле)))
20.06.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100% отвечаю Обама братанга жагат биздин самса
20.06.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиевдин баш жеп жаткан суроту да бар эле
20.06.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Атамбайды самсы жеп жатканын элестеткиле ош базарда
20.06.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur123456,жардын го
20.06.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nur123456,ар кимге эле буйрубайт да Ош базардан самсы жеген, эч нерседен коркпой тыптынч отуруп алып.
20.06.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин президент эртең менен ишине велосипед менен бара турган болсо дүйнөгө таанылабыз. Азыр велоспорт жакшы өнүгүп жатат. Анан да экологияга зыяны жок.
20.06.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбай жокко
21.06.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тияктагылар зонтикти бирооого карматкандай, тамакты чайнатып жешпей бекен или кылса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: