super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Менин плейлистимдеги ырлардын көпчүлүгү кайгылуу ырлар"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Плейлистиңерде дайыма жүргөн ырлар" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун төмөндөгү суроосуна кийинки билдирүүлөр калтырылган:

"Супер-Инфонун" өткөн санын окусам, ырчылар "Сен ырдай аласың, ырдай албайсың... Мени эл тааныйт, сени тааныбайт... Мени эл угат, сени укпайт..." болуп жатышыптыр. Карап көрсөм кырылышып жаткандардын биринин да ырлары менин плейлистимде жок экен. Силер кандай ыр жана кайсы ырчыны угасыңар? Телефон, планшет, компьютер, машина алмаштырсаңар дайыма биринчи кезекте көчүрүп алып уга турган ырларыңар кайсылар? Мен Skorpions "Still loving you", The Eagles "Hotel California", Эннио Морриконе, Андреа Бочелли, Земфиранын, Носковдун, Токтобек Асаналиевдин бир-эки ырын дароо көчүрүп алам. Калганы маанайга жараша".

"Менин плейлистимден өмүрү өчпөгөн жана эң биринчи болуп жүктөлө турчу ырлар: Эллаи, BIGBANG , Омардын ырлары, Самандардын "Глупая ложь" деген ыры, Ahmed Chawki Feat Pitbull "Habibi I Love You", Эрматовдун бир-эки ыры. Калган ырлар кээде өчүп калышы да мүмкүн. Азыркы убакта плейлистиме Амир Аскаровдун ырлары кошулду".

"Ильяз Абдыразаковдун чыгармачылыгын абдан сыйлайм. Дайыма жан дүйнөгө жакын ырларга басым жасайт. Анын акыркы "Амансыңбы, сүйгөнүм?", "Ал менин сүйгөнүм" деген ырлары мен үчүн жазылгандай. Демек, Ильяз байкенин ырларын такай угам. Батыштын ырларын дегеле укпайм, анда-санда эле угуп калам".

"Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев, Гүлнур Сатылганова, Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев, Гүлжигит Сатыбеков сыяктуу ырчылардын ырлары плейлистимден өчпөйт. Мишари Рашиддин ырлары өзүнчө бир папкада, калганы аралаш".

"Меникинде Кайрат Нуртастын, Нюшанын ырлары көп. Тынбай ошолордукун угам, Нурлан Насиптин эки-үч ыры бар. Көбүнчө уккандарым ушулар экен, калгандары аралаш".

"Менин плейлистимдеги ырлардын көпчүлүгү кайгылуу ырлар. Классикага дагы орун берилген. Рэп, хип-хоп жана башка ушундай сыяктуулар такыр жок экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.06.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menikinde kobuncho chet eldin yrlary, kyrgyzstandan m atabekovdukun ugup kalam
20.06.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меникинде Аскат Мусабековдун, Modern Talking,Dr.Alban, ырларын дайыма угам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: