super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. 7-апрель окуясына карата өткөн илимий конференция резолюция кабыл алуу менен аяктады

 

Бүгүн, 4-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин демилгеси менен "Апрель революциясы - келечек үчүн сабактар" аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бакыт Калмаматов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайлардын студенттери катышты. Талкууда өлкөдө болуп өткөн революциялардан туура жыйынтык чыгаруу, жаштардын коомдогу орду, өлкөдө парламентаризмди калыптандырууга салым кошуу маселелери тууралуу сөз болуп, жыйынтыгында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды. 

1. Апрель революциясы ар дайым мамлекеттик жана коомдук ишмерлер үчүн сабак болсун.

 2. Ар бир мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер өз иш-аракеттеринде эл кызыкчылыгын, мамлекет келечегин биринчи орунга коюп, эл-жер үчүн мекенчилдик көз карашта болушу керек. 
 3. Ар бир мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер өз иш-аракеттеринде эч качан жеке жана убактылуу кызыкчылыктар менен мамлекеттик бүтүндүгүн, эл биримдигин бузууга укугу жок. 
 4. Элдин ынтымагы, коомдогу жарандык биримдик кыргыз элинин, ар бир жарандын колунда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: