super.kg logo

Ош облусунун Кара-Суу районунда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 33 миллион сом бөлүндү

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 33 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титирөөдөн улам жабыр тарткандарга жардам катарында Кара-Суу районуна 33 миллион 609 миң сом бөлүнгөн. Жаратылыш кырсыгынан
4-5-даражада зыянга учураган турак үйлөрдүн саны 288ге жеткен. Акча каражатын атайын түзүлгөн айылдык аймактардын комиссиялары бөлүштүрмөкчү.

"Бул өтө жооптуу иш. Жабыр тарткан жарандардын, мамлекеттен, коомдук уюмдардан жана башкалардан келген каражаттарынан жардам алышкандыгын карап чыгып, баарына бирдей бөлүнөт. Бардык жагдай эске алынып, майып, жетим-жесир, турмуш шарты оор адамдарды акыйкаттык менен такташат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 17-ноябрь күнү түнкү саат 23:30 чамасында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каякта жетим жесир жабыркагандарга берилет ишениш кыйын ошол эле чондор эптеп септеп оздору эле болуп алыштго ал нерсе ьолуп эле келген боло беет дагы себеби ош окуясында дагы канча бекер ун май продуктулар келген жабыркагандар алганда эмес баары кайдагы колунда бар чондор эле уйуно мешоктоп алып алышкан кичине уялсанар бет деген жок силерде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: