super.kg logo

Тарыхта биринчи жолу кыргыз жараны Жер шарын айланып учуп чыгат

 

Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Союзбек Салиев дүйнөнүн 27 өлкөсүн жеңил учак менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө чейин кыдырып чыкмакчы. Бул тууралуу Союзбек мырза өзү SUPER.KG порталына кабарлады.

"Дүйнө жүзүн бир моторлуу жеңил учак менен кыдырып чыгуу балалыктан берки кыялым болчу. Эми аны ишке ашырууга мезгил келип жетти. Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын 27 өлкөгө сүйүнчүлөйүн деп тилек кылып жатам", - дейт ал. Буга чейин "Супер-Инфо" гезити Союзбек Салиевдин чакан учак жасап жатканы боюнча макала жарыялаган болчу.

Анын айтымында, аны менен кошо литвалык Йонас Жукнус да кошо учат. Литвалык жаран буга чейин жеңил учак менен дүйнөнү кыдырып көргөн. Анын тажрыйбасын эске алып, Союзбек мырза өзүнө штурман кылып дайындаган.

Союзбек Салиев батирин, унаасын саткан каражатка учак сатып алганын айтат. Аны атайын Франциядан күйүүчү май куюучу бакты кеңейтип жасатып чыккан.

10-июль күнү Салиев Токмоктогу аэродромдон учуп чыгат.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу кыргыз учкучу жеңил учак менен 27 өлкөнү кыдырмакчы. Бул тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин келерки сандарынан окуй аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(10)
20.06.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак жол аман эсен барып кел
20.06.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо жакшы мени да кошуп алчы
20.06.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун пландапсыз Мен дагы учуп, кыдырып келгим келип жатат.
20.06.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ, учагы жонундо кененирээк маалымат берип койсонор сураныч. Учактын ээсинен сурасанар айтып берет элее. Канчага сатып алды ж.б.
20.06.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолунуз ачык болсун! Аман-эсен Кыргызстанга кайтып келиниз.
20.06.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жакшы го,тобокелге бара алган адам экен да.
21.06.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
new_hacker, темадан алыстабаңыз!
21.06.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
admin_portal,ОК
new_hacker түзөттү 2016-06-21 09:30:24
21.06.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
учакка коруноор жакшы белги коюп койгула, дагы турктор атып тушуруп коюшпасын
21.06.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапарыныз байсалдуу болсун! Кана эми бизге да ушундай кундор насип этсе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: