super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 21-ИЮНЬ: Футбол ишмери Мишель Платини 61 жашка толду

 

Франциялык футболчу, машыктыруучу, футбол ишмери Мишель Франсуа Платини 61 жашка толду. Ал 1955-жылы Франциянын Лотарингия регионунда туулган.

Футболчу катары ал Франция курама командасы менен 1984-жылы Европанын чемпиондугун утуп алган. Белгилүү "France Football" басылмасынын версиясы боюнча 20-кылымдагы мыкты франциялык футболчу болуп табылган. Клубдук карьерасын ал 1972-жылы франциялык “Нанси” кубунда баштаган (183 оюнда 98 гол киргизген). 1979-жылдан 1982-жылга чейин “Сент-Этьен” клубунда ойноп, 104 оюнда 58 гол киргизген. Платини италиялык “Ювентус” аркылуу карьерасындагы ири секирикти жасаган. Туриндик клубда ал 5 сезон ойноп (1982-1987-жылдары), 147 оюнда 68 ирет айырмаланган. 3 жыл катары менен “Алтын топ” байгесин алган (1983, 1984, 1985-жылдары) футболчу өткөн кылымдын мыкты 10 футболчусунун катарына кирген.

Карьерасын 1988-жылы жыйынтыктап, машыктыруучулук менен алектенип баштаган. 4 жылдык машыктыруучулук карьерасында ал 1992-жылга чейин Франция курама командасын машыктырган. Бирок бул жаатта жетиштүү ийгиликтерди жарата алган эмес.
2007-жылы 26-январда ал УЕФАнын (Европалык футбол ассоциацияларынын кеңеши) президенти болуп шайланган. 4 жыл убакыттан кийин, тагыраак айтканда, 2011-жылы 22-мартта 53 добуш менен (союздун бардык мүчөлөрү макул экенин билдиришкен) дагы бир мөөнөткө, 2015-жылы 24-мартта Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде кийинки 4 жылдык мөөнөткө кайрадан шайланган.

Ушул эле жылы анын жана Эл аралык футбол федерациясынын президенти (ФИФА) Йозеф Блаттер менен биргеликте 8 жылга футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган. Мындай чечимди иликтөөлөрдөн кийин ФИФАнын Этика боюнча комитети кабыл алган. ФИФА уюму Блаттердин буйругу менен Мишель Платининин эсебине 2 миллион франк өлчөмүндө каражат которгон. Бул акча каражатынын мыйзамдуу экенин Блаттер далилдей алган эмес. Ошол себептүү иликтөө иштери башталып, футбол ишмерлери ушул жылы октябрда ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишкен (90 күнгө).

21-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: