super.kg logo

18 жашка чейинки улан-кыздарды кызматтык сапарларга жибербөө жана мөөнөтүнөн ашык иштетпөө сунушталууда

 

Эмгек мыйзамдарын өркүндөтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 20-июндагы отурумунда экинчи окууда каралып, жактырылды.

Депутат Максат Сабиров тарабынан демилгеленип жаткан аталган мыйзам долбоору 18 жашка чейинки улан-кыздарды кызматтык сапарларга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашык иштөөгө, түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрүндө жумушка, маданий-массалык иш-чараларга тартууга тыюу салат.

Кесипкөй спортчуларды кошпогондо өкмөт тарабынан белгиленген кесиптердин тизмегине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлерин жана ата-энелеринин биринин (камкорчусунун) жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо чыгармаларды жаратууга жана аткарууга уруксат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
21.06.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кошулам
21.06.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кошулам. Бирок ата-энеси оорукчан болсо, үй-бүлөдөн андан башка баласы жок болуп же ошол 15-16 жаштагы бала акча таап келе турган болсо аларды ким багат? Мамлекеттин берген акчасы жетпейт? Эгер че жака иштей турган болсо анда жакын туугандарынын уруксаты менен ата-эне кепилдик бериш керек.
21.06.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура колдойм 100%.
21.06.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура чечим бирок деген маселе коп ошондуктан 14 жашка чейин мектепте жалпы окуу 17 жашка чейин кесиптик окуулар ачылса жакшы болмок буджеттин эле негизинде ,жок дегенде кол эмгек сабагын коп ачып бир нерсени уйронуп алса турмушта женилирээк болоор деп ойлойм.
21.06.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушул мыйзам иштесе экен,тааныш билиши жок. Колдойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: