super.kg logo
  Саясат  

3374 адамды мунапыс аркылуу түрмөдөн бошотуу боюнча мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети 2-окууда жактырды

 

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда бир добуштан жактырды. Талкууда кошумча-алымчалар айтылган жок.

Айта кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, эркиндиктен ажыратуу жайларынан болжол менен 3374 адам бошотулмакчы. Алар:

1. Соттолгон жашы жете электердин саны – 11 адам (анын ичинен биринчи жолу 5 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жете электер – 2 адам);

2. 60 жаш курактан ашкан эркектердин, ошондой эле 55 жаш курактан ашкан аялдардын саны – 98 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);

3. I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин саны – 10 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);

4. Экиден кем эмес жашы жете элек балдары же I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган, коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдардын саны – 245 адам;

5. Коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон, ушул мыйзам күчүнө кире турган күнгө карата жазасынын өтөлө элек бөлүгү бир жылдан ашпаган адамдардын саны – 1267 адам;

6. Биринчи жолу коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштарды жасаган адамдардын саны – 1862 адам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: