ЖЫЛНААМА, 21-ИЮНЬ: Мындан 123 жыл мурун Чикагодо өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө катышуучулар тарыхта алгачкы жолу "Шайтан тегереги" аттракционуна түшүшкөн
Мындан 123 жыл мурда, 1893-жылы 21-июнда Чикагодо өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө катышуучулар тарыхта алгачкы жолу "Шайтан тегереги" аттракционуна түшүшкөн.
1891-жылы Чикагодо өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн уюштуруучулары Эйфель мунарасынан өткөн мыкты курулушка сынак жарыялашкан. Уюштуруучулар дүйнө жүзүндөгү инженерлерден миңдеген каттарды алышканы менен, татыктуусун таба алышкан эмес.
Иллинойс штатындагы Жорж Феррис чоң көлөмдөгү "Шайтан тегерегин" курууну сунуштаган. Ал бул идеяны суу тегирмениндеги дөңгөлөктөрдүн негизинен алган. Кесиптештери идеясын жактырышкан эмес. Жорж аларга карабастан, өзүнүн каражатынан 25 миң долларга долбоорду чийген, уюштуруучулар акыры макул болушкан. Аттракционду курууга Жорж Феррис демөөрчүлөрдү өзү тапкан. Анын көп бөлүгү Детройтто даярдалып, Чикагого поезд менен ташылган. "Шайтан тегерегинин" диаметри 80 метр болуп, огунун бийиктиги 14 метрди түзгөн. Анда 36 кабина жайгашып, ар бири 60 орундуу болчу. Курулушка 250 миң доллар жумшалып, жалпы салмагы 4100 тоннаны түзгөн.
1893-жылы 21-июнда аттракцион эл үчүн ачылып, көргөзмө маалында 1,5 миллиондой адам түшүп, 10 мүнөт үчүн 50 центтен төлөшкөн. Ал күнү уюштуруучулар 730 миң доллар киреше табышкан.
21-июндун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Bermet_Kasymova

21.06.2016. 17:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооо бир кундо жакшы тааптыр да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.