super.kg logo

Европа биримдигинин "кара тизмесинде" кыргыз өлкөсүндө катталган 13 авиакомпания бар

 

Өткөн жумада Европа биримдиги "кара тизмеге" кирген өлкөлөрдүн авиакомпаниялары тууралуу жаңыланган тизмени жарыялады. Анда кыргыз өлкөсүндө катталган 13 авиакомпания бар. 2006-жылдан бери аталган биримдиктин "кара тизмесинде" турган кыргыз авиакомпаниялары 2018-жылы толук чыгары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев 21-июндагы маалымат жыйынында билдирген.

"Кыргыз жеринде катталган бардык авиакомпаниялар 2006-жылы "кара тизмеге" кирген. Бүгүнкү күндө бизде Эл аралык жарандык авиация биримдигинин талаптарын аткаруу боюнча көп эмгекти талап кылган иштер аткарылып жатат. Аталган биримдиктин кыргыз авиакомпанияларына 2 негативдик мүнөздө коюлган баасы бар болчу. Бирөөсүн жакында эле жойдук. Экинчисин ушул жылдын аягына чейин жойгонго аракет кылып жатабыз. Андан соң Европа биримдигинин атайын комиссиясы "кара тизмеден" чыгаруу боюнча маселени карайт", - деп билдирди Э.Өмүралиев.

Ошондой эле Эрмек Өмүралиев "кара тизмеден" чыгуу 2017-жылдын соңунда же 2018-жылдын башында болорун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: