Евро-2016: Орусияга удаа Украина курамасы Франция менен кош айтышты



21-июнда Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунда "С" тайпасында эки беттеш орун алды. Польша курамасы Украинаны, Германия курамасы Түндүк Ирландияны бирдей эсеп катыштыгында утуп алышты. Бул беттештер мелдештин жарым чейрек финалына чыга турган эки команданы аныктап, үчүнчү командага азырынча үмүт берип турат.
Германия менен Польша курамасы плей-офф баскычына чыга алышты. Ал эми Ирландиянын "тагдыры" башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгына жараша чечилет. Себеби кийинки баскычка 6 тайпада алдынкы 2 орунду ээлеген командалар жана 6 тайпада 3-орунду ээлеген 4 мыкты команда чыга алат.
Украина курамасы "Евро-2016" мелдеши менен коштошууга мажбур болду. Украиналыктар мелдеште из калтыра алышпаганын алардын 1 дагы гол киргизбегени, 1 дагы упай ала албаганы тастыктап турат.
"С" тайпасындагы 3-тур оюндарынын жыйынтыктары:
Германия-Түндүк Ирландия - 1:0
Гол: Марио Гомес (30-мүнөттө)
Польша-Украина - 1:0
Гол: Якуб Блащиковски (54-мүнөттө)
Мелдеш жадыбалы:
1. Германия - 7 упай
2. Польша - 7 упай
3. Түндүк Ирландия - 3 упай
4. Украина - 0 упай
Евро-2016: III тур. Украина - Польша
Евро-2016: III тур. Түндүк Ирландия - Германия






1 |