super.kg logo

Алачыкта жашап, ээн талаада жуунуучу жай жасап, казанга нан жаап жеген дыйкандар турмушу (фоторепортаж)

 

Чүй өрөөнү жер иштетип, дыйканчылык менен алектенүүгө ылайыктуу жер. Башка аймактарда 2 чабык чөп чабышса, Чүйдө чөп 3-4 чабык чабылат. Чүй талаа жумуштары кызыганда өлкөнүн көпчүлүк аймактарынан дыйкандарды, тракторлорду, комбайндарды чогултат. Мисалы, Нарында чөп баштала электе тракторчулар унаасын "тыртылдатып" акча иштеп келүү үчүн Чүйдү көздөй жөнөшөт.

Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келип, жерди ижарага алып, дыйканчылык кылгандар көп. Сөз өлкөнүн түштүк аймагынан келген дыйкандар тууралуу болмокчу. Жалал-Абаддан келген каармандарыбыз Сокулук районунан жерлерди ижарага алышкан. 1 гектар жердин ижара акысы 20 миң сомду түзөт деген дыйкандар талаада жашап, тиричилигин ушул жакта өткөрүшөт.

"АЙЫЛДА СУУ ТАРТЫШ, ЖАШОО ТАТААЛ. ОШОЛ СЕБЕПТҮҮ ЧҮЙГӨ КЕЛДИМ"

Жалал-Абад облусунан келген Үмөталы Молтоев 10 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Тиричилигин талаада өткөргөн дыйкан курсакты ушул жактан тойгузуп, ушул жакта алачыкта жашайт. "Биз Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылынан келгенбиз. Айылда суу тартыш. Жашоо татаал. Быйыл помидор, кызылча эктим. Бир жылы жакшы пайда тапсак, бир жылы дыйканчылыгыбыз жакшы болбой калат. Быйыл күндүн ысыгынан помидорлорго белгисиз оору жабышты", - дейт Молтоев. Ал бул талаада жалгыз жашабайт. Жанында небереси жана кемпири бар.

"ЗАВОД-ФАБРИКАЛАР КУРУЛСА, БӨТӨН ЖЕРДЕ ЭМЕС, ТУУЛГАН АЙЫЛДА ЭЛЕ ИШТЕЙТ ЭЛЕК"

Дыйкан Абдыхалил Баймырзаев дагы Жалал-Абаддан келген. Ал 1 гектарга жетпеген жерге (0,75 га) помидор айдаган. Жашы өтүп, дыйканчылык менен турмуш өткөрүү ага кыйын болуп баратканын белгилейт. "Айылда жумуш жок да. Элет жеринде завод-фабрикалар курулса, туулган айылыбызда эле иштейт элек, жаш өткөндө бөтөн элде жүрбөй. Кемпирим менен өмүр бою талаа жумушун жасап келатам. Жолдон ары-бери өткөн кымбат унааларды көрүп, унаа ээлерине өзүмдү салыштырып кейип кетем. Айла жок. Быйыл күнөсканага бадыраң айдадым, кошумча каражат болобу деген ойдо", - дейт Абдыхалил ага.

"5 АЙ КАЗАНГА ЖАБЫЛГАН НАНДЫ ЖЕП, ТАНДЫРДЫН НАНЫН САГЫНЫП КАЛАБЫЗ"

Дыйкандардын айрымдары тандыр жасап алышса, айрымдарды нанды казанга бышырып жешет. Тандыры барлары деле аба ырайы жаан-чачындуу болгондо казанга бышырышат. Үмөталы Молтоев казанга жабылган нанды 5 ай бою талаада жашап жүрүп жегенден кийин тандыр нанын кадимкидей сагынып каларын айтып берди.

Буга катар тамак жасаганга очок, мүмкүнчүлүгү барлары газ колдонушат. Дыйкандар жуунуучу жайды помидор талаасынын так ортосуна жасашканын көрдүк. Мүмкүнчүлүгү барлар вагон коюп алышкан. Алар ошол жайда жуунуп, тамактанып, анын ичинде күн өткөрүшөт. Аларды карапайым дыйкандар "элитный дыйкандар" деп тамашалап калышат.

ТАЛААЛАП ИШТЕП ЖҮРҮП КАРЫЗГА БАТКАНДАР ЖОК ЭМЕС

Дыйкандардын бир жылдык кирешеси 100 миң сомдон 150 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Айрым учурларда ижаранын акысын араң төлөгөн учурлар болот. Жер акысынын жарымын жыл башында, жарымын түшүм жыйналганда төлөшөт. Жерди айдатуу, малалоо - ал жер акыдан башка чыгым. "Түшүмдү карап, бышырып, жыйноо менен эле түйшүк бүтпөйт. Аны сатуунун өзүнчө кыйынчылыктары бар. Бизге окшогон дыйкандар көп. Помидор арзандап кетет. 7-8 чакырым аралыкты басып, Бишкектеги "Дыйкан" базарына алып барып сатабыз. Чыгымды актабай калабы деп сарсанаа болобуз. Жердин ижара акысы кымбат", - деди Абдыхалил Баймырзаев.






Дыйкандардын жашоо-турмушу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(19)
23.06.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
санитар-гигиена туурасында жазбай деле койсонор болот. ар ким озунун оокатын таап жатат.
23.06.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Элдин ырыскысы менен тоюнгандар деле журот. Ага караганда ак эмгек менен адал тамак жеп жаткан замандаштарыма рахмат.
23.06.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Emnesi bolsoda adal emgek peshene ter m.n taap atas buronun akusun jebei bul ishiniz m.n syimuktanunuz tushumunor mol bolsun Allax barakasin bersin.
23.06.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул жашоо шартка танкалбай эле койсо болот, анткени жарандарыбыз адал эмгек мандай тери менен нан таап жатат. Казанга жапкка нанды коооооооп болду жебегениме.
23.06.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кырманызга береке данга толсун,ишиниз илгери болсун,ак эмгек мандай тери менен кылган эмгекиниз эч качан кор болбосун оомин.
23.06.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дыйкандарыбыздын ак эмгеги таалага кетпей, тушум коп алып, жакшы киреше таап алсын !
23.06.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсыздар аллахым куч кубат сиздерге берсин азаркы заманда ар ким оз оокатын кылып жемай. Бомж болуп кочо тентибей оз нан дарын кылып жата.
23.06.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бойтойгон небереси бар экен зээриктирбеген))
23.06.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
маңдай тер менен оокат кылып жатышат,бул жакшы!бирок боор ооруйт да=(
23.06.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ма Ша Алла! ак эмгек мн адал нан таап жеген инсандар Аллахым сиздерге куч кубат берсин кырманыныздар данга мол болуп тоосун ылайым!
23.06.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дыйкандардын мээнети катуу байкуштардыкы
Тушумунор мол болсун!
23.06.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарынан кейиштуусу бойтойгон кичинелерлин балалыктын бактысын билбей отконундо.Талаанын ордуна жок дегенде бала бакчада журсо ан сезими дагы осмок.Ушуларды коруп туруп зээнин кейигенинен Кыргызстанды бугунку жаман акыбалга алып келген бийликтегилерге чексиз наалаттар болсун дейсин.Менин балалыгым дагы ушундай талааларда коп отту.Мен дагы билим алып ан сезим остургондун ордуна керээли кечке талаада тамекиде иштечубуз.Ошонун кесепетинен мынтип четтерде бироолорго кул сыяктуу иштеп журобуз.
23.06.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мандай тер менен таап жеген нан аябай таттуу да болот,чиновниктер силер да бир пешене тер менен нан таап жеп корсонор экинчи берки нанынарды жегинер келбей калат.Дыйкандар тушумунуздор мол болсун!!!
23.06.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ех ата-энелер ушуларда бала бакра багам деп журушотта балдар кадырын билсек екен
Ата-энелер учун
Сагынып кунак мезгилимди жаштыгыма кайткым келет апаке! атаке! деп кайра кайра айткым келет
Уулум десе апакем танкы дастарконко ыссык нандан коюп чайдан бергим келет
Нур толгон жуздорунон тоюп тоюп опкум келет
23.06.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аллахым экен жемиштеринер берекелуу кылсын аллахым
24.06.2016. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Кымбат машинанын ээсине озуму салыштырып кейип кетем. Эхе Тууганым кейибе эч качан турмушуна кейибе канча кыргыз сыртка чыгып кетти.Кыргызстанда дыйканчылык.мал чарбачылык.басымдуу эл элеттен 65%
24.06.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар оз жерибизде да , ботон жерде да кор болдук.
24.06.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бешене тер ак эмген узурлу оокат .эх кандай соонун памидорду сабагынан узуп жэбегенима 10жылдай болуп кетиго .
26.06.2016. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында туйшугу коп бирок ошол алачыкта эрте мн ойгонгон кундун дагы озунчо бир рахаты бар, азыр мен аябай сагынам ошол кунду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: