super.kg logo

Чет жерден келген чеберлер кыргыз жеринде йогага кызыккандар көп экенин белгилешти (фоторепортаж)

 
Субал Према

Кечээ, 21-июнда Бишкектеги Курманжан датка эстелигинин маӊдайында Эл аралык йога күнүнүн урматына йоганы сүйүүчүлөр үчүн атайын майрамдык иш-чара уюштурулду. Кыргыз Республикасындагы Индия элчилиги жана Бишкек мэриясы уюштурган иш-чарада атайын чакырылган конокторду, йога менен алектенүүнү сүйгөн шаар тургундарын жана Индия элинин өкүлдөрүн жолуктурууга мүмкүн болду. Алгач йога менен алектенген профессионал чеберлер өнөрүн көрсөтүштү, андан соӊ жалпы катышуучулар атайын йога чеберинин көрсөтмөсүндө йога менен машыгышты. Соӊунда чакан концерт тартууланды.

Йога чебери Субал Према майрамдык иш-чара тууралуу буларга токтолду:

"Бул күн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Азыркы мезгилде 177 өлкө, анын ичинде биздин өлкөдө да белгиленет. Йога ден соолукка пайдалуу, адамдын ички дүйнөсүн тазалап, жакшы жакка өзгөртө алат. Жакында эле Йога күнүн утурлай аймактарды "Йога кербени" менен кыдырып келдик. Эл арасында йогага кызыгуу күч экени байкалды. 21-июнь эӊ узак күн болгондуктан, Йога күнү деп кабыл алынды. Бишкекте мындай иш-чара экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Өзүӊүздөр көргөндөй, бул искусство менен алектенгендер көп экени байкалып турат. Биздин максат - кыргыз элинин ден соолугу чыӊ болуп, йоганын пайдалуу жактарын өздөрүнө алса деген жакшы тилек".

Белгилей кетсек, "йога" сөзү Индиянын байыркы тилинен (санскрит) алынган, которгондо “көнүгүү”, “биригүү”, “гармония” дегенди түшүндүрөт. Йога – индуизм философиясынын негизги багыттарынын бири.
Йога адамдын жашыруун таланттарын, мүмкүнчүлүктөрүн, медитация (сүкүт тартуу), туура тамактануу, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо аркылуу ачууга багытталган. Алгачкы жолу Индия адабиятында сакталып калган байыркы “Ригведе” эстеликтеринде кездешет. Учурда йога менен алектенгендер Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Бразилия, Аргентинада көп. Акыркы мезгилде араб өлкөлөрүнөн башка Орто Азияда: Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Өзбекстанда йогага кызыгуу күч экени байкалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.06.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биздин ажыке молдокелер бул нерсеге да чычалап чыгышса эле.
22.06.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
stimyl.kg,Жанар Акаевтин асылганы жетишер молдолор жон жерден бир маселени котуруп чыгышпайт
22.06.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
оа бул шариятка туура келбейт деп анан динде жок! еврейлер ойлоп тапкан десе керек!
22.06.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молдолорго асылбасаңар күнүңөр өтпөй калабы? бир жериңерди кыскылачы
22.06.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тел ден корсотту эле бир жолу,карап олтуруп ойлогом мен деле йога менен машыгып жатыптырмын деп. Чоп чабык жаны эле бутуп картошка казуу башталган болчу)) ошондон кийин кызыккан деле жокмун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: