super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Буттары жоон аялдардан баатырлар төрөлөт"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Дене түзүлүшүңүз 90-60-90 болууну эңсеп жүрдүңүз беле?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Аялзаты эркектерден айырмаланып назик, сулуу болуш керек. Сулуулук дегенге ички да, сырткы да сулуулук кирет. Экөө бири-бирине тең болгондо абдан эле жакшы. Ошол сырткы сулуулуктун эң негизгиси келбет, тулку бой болуп саналат. Эзелтеден элибизде "кымча бел", "ак куу моюн", "суйкайган кыргыз кызы" деп бекеринен айтылып келбесе керек. Сулуулуктун эң башкысы - Кудайым берген тулку бойду көргөндө суктанарлык, суктанбаса көзгө жылуу кылып көрсөтүүнүн бирден-бир жолу - денедеги ашыкча майдан сактануу".

"Мага арык кыздар жакпайт. Жанында баскандан коркосуң, шамал болсо, качан кулап түшөт деп ойлой бересиң... Өтө толук болсо да болбойт, качан мени баса калат деп коркомун. Орточосу сонун болот".

"Мен аябай эле арыкмын, 90-60-90 менин кыялым эле болбосо, ага жетиш кайда деп жүрөм. Бирок, эң башкысы, ички дүйнө сулуу болуш керек го деп ойлойм".

"Кыздардын арык эле болуп жүргөнү жакшы. Менин тулку боюм орточо, ичим эле чыгып турат, тамак ичкенде өтө эле чыгып калат. Курсакты киргизчү диета барбы?"

"Мен быйыл кышы менен эмне жегеним белгисиз, толуп кетиптирмин. Эски шымдарга секирип араң кирмей, кирген соң демди акырын алмай. Бирок баары бир ыңгайсыз боло берет экенсиң. Ошондуктан фитнеске бармай болдум. Сулуулук бирөөлөр үчүн эмес, өзүң үчүн экен".

"Менин буттарым жоон. Арыктап өлгөнү жатсам деле буттарым арыктабайт. Бирок буттары жоон аялдардан баатырлар төрөлөт. Чыңгыз хан да аялдардын буттары жоондорун тандап алган экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
22.06.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буту жоон кыз болсо айтып койгула баш кошолу
22.06.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулдагы созбу
22.06.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буттары жоон болобу арык болобу негизи Аллах берген келбетине шугр кылып жашаш керек.Буттары жоон болобу же болбосо арык болобу кандай бала торосода дени сак жана бардык мучосу бутун болсо гана акылы жайында болсо гана ал баланы батыр деп атасак болот бир туугандарым . Аркимдин ар кандай келбет жагат бирогоо арык бироого толмоч болуп жургон жагат, беш кол тен эмес.Кандай болсода шугр кылып жашайлык.(менин жеке оюм)
22.06.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо анда биздин балдар "Баатыр"болот экен))))))
22.06.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага толмоч кыздар аябай жагат. диета кармабай ашап-ашап жегиле кыздар
22.06.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бутум оло жоон бирок балам илмийген арык ден соолугу чын болсо болдуда
22.06.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп ээ эринин саны кандай болсо ошондой балдар торолот или озунукун тартат.
22.06.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эр тайын тартат дейт кыргыздар ,ал эми дагы бир макал, бала эмизген аялдын баары сулуу.
23.06.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой да ладно бекер соз.мен ото арыкмын.4 жарым кг тородум балам азыр 5 айлык бою да салсагы да 2 жашар баладай.кошумча эч нерсе жебейт.эмчек гана эмет.синдим тескерисинче озу да саны да жоон баласы тирмендеп арык ото эле кипкичикей.так что бул эненин санынан коз каранды эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: