super.kg logo

Жети-Өгүздө өзүн жаман сезип кулаган адам медициналык жардамга муктаж эмес болчу, ал мас абалында болгон

 

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өзүн жаман сезип кулаган адамга "Тез жардам" чакырылган эмес. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук жалпы практикалык борборунун башчысынын орун басары Гүлнара Токтахунова билдирди.

"Өзүн жаман сезип кулаган адамга "Тез жардам" кызматы чакырылган эмес. Ал адам мас абалындагы жергиликтүү жашоочу болгон. Ал дайыма мас абалда жүрөт. Азыр дагы райондун борборунда спирт ичимдигин ичип алып жүргөнү боюнча медицина кызматкерлери такташты. Ал башкаларга жалданма жумушчу болуп иштеп, тапкан каражатына спирт ичимдигин ичип жүргөн адам", - деп билдирди Токтахунова.

"20-июнь күнү өзүн жаман сезип кулап калды делген адам аялдаманын жанында жерде жатканда, Елена Ковлеченко аттуу медицина кызматкери "Тез жардам" кызматынын унаасында баратып өзү токтогон. Жарандын кан басымын текшерип нормалдуу экенин аныктаган. Башкача айтканда, медициналык жардамга муктаж эместигин тактаган. Ошол эле учурда Ковлеченко милиция кызматкерлерине телефон чалып, мас абалдагы адам жатканын айткан", - деп кошумчалады Гүлнара Токтахунова.

Эскерте кетсек, 20-июнь күнү окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына "өзүн жаман сезип кулаган адамга "Тез жардам" кызматы жардам бербей кетип калды" деген маалымат жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
22.06.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Билип-билбей эле суйлой берип, элдин баары эле ушакчы болуп калды, смартфон алабыз деп атып эле.
22.06.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элге керектуу маалымат жуктосо го биздин окурмандар
22.06.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мас болуп, олуп калса деле ага ким куноолу болмок? Биринчи жардам деген аты ар го. Демек мас болсо деле биринчи жардам кылыш керек болчу.
22.06.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
M89, мас адамга кандай биринчи жардам берилмек эле, ТАН куюп же ашлянфу алып келип бермек беле. Мас адам бир нерсе болсо озу жооптуу да. Мастарга скорый первый помощь коргозо турган болсо той откоргондо бир скорыйды жалдап келип коюш керек анда)))) Скорый келип мас абалынан башка ооруга причина таппаса кете берет да, мастарга милиция тез жардам берет вытрезвительге отургузуп)))
22.06.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
M89,мас адамга көрсөтүүчү биринчи жардам деп эмнени түшнөсүз, кызык...
23.06.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
M89,маска эмне жардам бериш керек? итак эле тез жардам дарыгери барып кан басымын олчоптур го
23.06.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
M89, милицияга чалып вытрезвительго жолдомо да бериптир)))
22.06.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл сууда жашайм. Бул кабарды уккан жокмун
22.06.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эшектин этинен шашлык жасап берсе тез айыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: