super.kg logo

Эски жер үйлөрдө жашап, ажаткананын жанында ойногон балдар (фоторепортаж)

 
Лев Толстой көчөсү. Балдар ажаткананын жанында ойноп жатышат.
Дилара Алыпсатарова
Лев Толстой көчөсүндөгү барак тибиндеги үйлөргө кетчү жол
Ак үйдүн бет маңдайындагы эски имарат
Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү эски үй

Бишкек шаарында тиричиликке эч кандай шарты жок, эски жер үйлөрдө жашаган тургундар көп. Алар эски үйлөрдү сүрдүрүп, ордуна көп кабаттуу үй салып беришине макул экенин билдиришти. Тургундардын көбү аймактардан келип отурукташып калгандар. Эски үйлөр шаардын борбордук бөлүгүндө да азыркы учурга чейин бар.

"Мен Ысык-Көл облусунан келгем. 10 жылдан бери шаардагы ушул барак тибиндеги үйдө жашайм. Үйдү сатып алгам. Эч кандай шарт жок. Ажатканабыз көчөдө. Балдарыбыз ойногонго спорт аянтчалары жок. Ажатканага жакын жерде ойношот. Ал тургай жугуштуу оорулар ооруканасынын жанында жайгашканбыз", - дейт эски үйлөрдүн биринде жашаган Дилара Алыпсатарова.

"Бийликтегилер элдин абалын көрүп, шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Шаардагы эски үйлөрдү сүрдүрүү боюнча массалык маалымат каражаттарынан окуп сүйүндүк эле. Маселе эртерээк чечилсе жакшы болмок. Лев Толстой көчөсүндө 50гө жакын барак тибиндеги үй бар. Мындагы үйлөрдүн 100 пайызы сейсмологиялык талапка жооп бербейт", - деп кошумчалады Алыпсатарова.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Лев Толстой, Жоомарт Бөкөнбаев, Москва, Насирдин Исанов, Жибек-Жолу, Фучик көчөлөрүндө эски жер үйлөр басымдуулук кылат. Ал тургай Чүй кең көчөсүндө, Ак үйдүн бет маңдайында да эски үй орун алган.

Эскерте кетсек, Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакта 1996-жылга чейин курулган курулуштарды алуу тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлган. Долбоорго ылайык, менчик ээсине мүлктүн баасындагы компенсация төлөнөт. Бузула турган мүлктүн базар баасын мэриянын комиссиясы жана көз карандысыз компаниялар, баалоочулар аныкташат.






Эски жер үйлөрдө жашап, ажаткананын жанында ойногон балдар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.06.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир ааз ойлонуп жазсаак жакшы болмок. ар бир адам эле уй салышка кудурети жетпейт бул адамда мамлекеттен умут кылып суранып жатат. Кооп кабатуу уй салса пайдасы кооп адамга тийетго.
22.06.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
vip.kg,Азыркы чондорго карап отурбастан оздору аракет кылса болот,антип балдарын сасык туалеттин жанында ойнотпостон.таза болбой мамлекетке ишенип алышат,кыйратып жардам бере тургансып.
22.06.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдааан кыргызтан онукпой калдыго,,Бишкектеги уйлорду ондошсо чондор ачка калбайбы:-):-):-)
22.06.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
80-чи жылдарда жургондой болосун го бул уйлорду коруп
22.06.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылда эле жашаганга эмне жетсин таза аба,таза суу,ужас ал жерде жашоо кыйын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: