Кытайда жыл сайын 20 миллионго жакын ит союлат
Кытайда жыл сайын 10 миллиондон 20 миллионго чейин ит союлат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гуанси-Чжуан автономдуу облусунун Юйлинь шаарында иттин этин жегендердин фестивалы жыл сайын өткөрүлүп келет. Иттерге боору ооругандар союлуп кетпесин деген максатта 136 АКШ долларына чейин сатып алышат. Бул жылы 21-июнда өткөрүлдү. Бул ирет уюштуруучулар 10 миң ит союуну пландашкан.
Белгилей кетсек, быйылкы фестивалды көчөдө өткөрүүгө тыюу салынды. Кытайдагы Синьхуа агенттиги 2 миң адамдан сурамжылоо жүргүзүп, катышкандардын 64 пайызы ит союу фестивалына каршы экенин билдиришкен.
Союлган иттердин көпчүлүгү кароосуз калган, ээси жок, уурдалган иттер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
-1

Ошол өлкөдө жашаган жаныбарларга, ай-күнүнө жетпей өлүү туулган наристелерге боорум ооруйт.. Адал менен арамды ажырата албаган адам сымаал айбандардын кара курсагы үчүн курман болушууда байкуштар..