super.kg logo
  Саясат  

Депутат менен спикердин ортосундагы тирештин айынан добуш берүү процесси үзгүлтүккө учурап кала жаздады

 

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеште депутаттарга берилүүчү артыкчылыктарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору добушка коюлду. Добуш берүү алдында төрага эки депутатка процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго сүйлөөгө уруксат берген эле. Депутат Зиядин Жамалдинов үчүнчү болуп микрофонго чыкканда, төрага Чыныбай Турсунбеков ага сөз бербей койгон. Жамалдинов буга нааразы болуп, 5 жолу катары менен мыйзам долбооруна добуш бербей жатты. Мындан улам төрага добуш берүүнү токтотууга мажбур болгон.

Депутат Өмүрбек Бабанов депутаттарга кайрылып, добуш берип коюуну суранды. "Мен "макул" же "каршы" деп добуш бергиле деп үгүттөгөн жокмун. Эртең эл менен жолугушканда депутаттык артыкчылыктардан баш тарттык деп кантип айтабыз? Эл алдында жүзүбүз ачык болуш үчүн добуш берип коёлу", - деп өтүндү Бабанов.

Төрага Турсунбеков "Бир депутат же добуш бербей жатса, же компьютерин өчүрбөй жатса, эмне кылышым керек?" деп айтты.

Депутат Жамалдинов "Эмнеге мага сөз бербейсиз?" деп кыйкырып жатты. Бирок төрага ага көңүл бурган жок.

Депутат Исхак Масалиев төрагага кайрылып, "Эмнеге Бабановго сөз бересиз, Жамалдиновго берген жоксуз?" деп нааразычылыгын билдирди. Турсунбеков Бабанов мыйзам долбоору боюнча сүйлөгөнү үчүн микрофонго чыкканын билдирди.

Депутат Галина Скрипкина депутат Жамалдинов 5 жолу добуш берүүдөн баш тартып, Жогорку Кеңештин регламентин бузуп жатканын айтты.

Жыйынтыгында төрага кайра добуш берүүнү жүргүзүп, анын натыйжасында мыйзам долбооруна 57 депутат "макул", 48 депутат "каршы" деп добуш берди.

Айта кетсек, бул мыйзам долбоору депутаттар үчүн кызматтык турак жайды, жеке транспортту жана башка артыкчылыктарды жокко чыгаруу, мамлекеттик кызматтын камкордук көрсөтүүчү кызматтарынын штаттык санын кыскартууга багытталган.






Депутат спикерге таарынып добуш бербей жатты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: