super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ИЮНЬ: 75 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш башталган

 

75 жыл мурун, 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 22-июнда түнкү саат 3төн 10 мүнөт өткөндө Львов облусунун коопсуздук кызматы УССР КГБ кызматына шашылыш коңгуроо чалып, Сокаль шаарынын аймагындагы чек арадан өткөн вермахт ефрейтору Альфред Лисков кармалганын, 22-июнда таң эрте Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн айтканын билдирет. Бирок немистер таңдын атышын күтпөй, түнкү саат 3:30да чабуулга өтүшкөн. Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согуш башталган.

Улуу Ата Мекендик согушка кыргыз жеринен 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын ичинде миңге чукулу аялдар болгон. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон.

"Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган биринчи кыргыз Дүйшөнкул Шопоков болгон. Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз жеринен аттанган 150 миңдей жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 71 жоокер "Советтер Союзунун Баатыры" деген наамга татыган. 29 жоокер үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Алардын ичинен 8 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алган.

22-июндун жылнаамасы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: