super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Жогорку Кеңештин сессиялары "Тамашоуго" айланып жатканын айтышты

 

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов кечээ парламентте болгон окуя тууралуу төрага Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жасады.

"Урматтуу төрага, сиз бардык депутаттарга бирдей мамиле жасасаңыз. Сиз фракция лидерлерине өзгөчө мамиле, комитеттердин төрагаларына өзгөчө мамиле, ал эми калган депутаттарга башкача мамиле жасап жатасыз. 120 депутаттын баарынын бирдей укугу бар. Сиз муну эске алып, бирдей мамиле жасап туруңуз. Кечээ добуш берүү учурунда мен процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго чыксам, мага сөз бербей койдуңуз. Мындай норма эч бир беренеге туура келбейт. Сиз статусу боюнча өлкөдөгү 2-кишисиз. Өзүңүздүн ордуңузду билишиңиз керек. Жогорку Кеңештин айрым сессияларын "Тамашоуго" айландырып жатасыз. Депутат сөз сүйлөгөндө өзүңүз комментарий кошуп жатасыз. Регламент боюнча сизге берилген укуктардан аша чаппаңыз", - деп кайрылды депутат.

Айта кетсек, кечээ депутат Жамалдинов менен спикер Турсунбековдун ортосундагы тирештин айынан добуш берүү процесси үзгүлтүккө учурап кала жаздаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: