super.kg logo

Улуттук суусундуктарды эл аралык рынокко алып чыгуу аракети көрүлүүдө

 

Кыргыз товарларын Евразия биримдигине кирген өлкөлөргө сатуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында сапаттуу товарларды камдоо менен бирге товар өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл экени, сүт, эт азыгын өндүрүп сатууда мал чарбачылык коопсуздугун сактоо керек экендиги айтылды. Мындан сырткары өлкөдө өндүрүлгөн органикалык продукцияларды сыртка экспорттоого сертификаттын жоктугу тоскоолдук жаратып жатканы боюнча сөз болду.

"Учурда улуттук суусундуктарды эл аралык рынокко алып чыгуу аракетин көрүп жатабыз. Бул боюнча ЕАЭБдин тийиштүү кызматтарына маалымат берип, сунуш киргиздик. Эгерде биз көтөргөн маселе ишке ашып калса, анда Евразия биримдигинин рыногунда аброй таба алабыз. Анткени биздин улуттук суусундуктар чет өлкөлүктөрдү кайдыгер калтырбайт", - деп билдирди Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу борборунун директору Бердимамат Аданбаев.

"Бүгүнкү күндө эл аралык стандартка ылайык сапаттуу, химикат кошулбаган товар өндүрүүдө фермерлер жана дыйкандар менен тыгыз иштешүү керек. Мында кызыкчылык бир гана чет өлкөгө товар өткөрүү эмес. Биз өзүбүз, балдарыбыз химикат кошулбаган таза, сапаттуу азыктар менен тамактанабыз", - деди Сапаттуулук коомунун өкүлү Гүлнара Жусупжанова.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттан сырткаркы эксперти Азамат Темиркулов, экономика министринин орун басары Элдар Абакиров, Бажы кызматынын адистери, коомдук уюмдун өкүлдөрү жана экономикалык эксперттер катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
23.06.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жакшы жанылык экен, кубанып каласында мындай жанылыкты уксан
23.06.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
birok kymyzdy satpai ele koiuw kerek
23.06.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык,ким ичсе да "атасына рахмат"айтчу суусундуктар. Бирок кийин бизнес бутка турганда кытай сомапал товарды базарга толтуруп жиберет да,озубуз козомолдой албай калабыз товарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: