super.kg logo
  Саясат  

Орусия суу алдында жүрүүчү жаңы "Футляр" торпедасын Ысык-Көлдөн сыноодон өткөргөнү жатат

 

Орусиянын Аскер-деңиз флоту 2016-жылдын аягына чейин жаңы “Футляр” торпедасы менен куралданууну башташы мүмкүн. Торпеда сыноодон ийгиликтүү өтсө, Орусия 2017-жылдан баштап аны Каспийск шаарындагы "Дагдизель" заводунан массалык түрдө чыгарууну баштаары пландалууда.

Орусиялык маалымат булактарына таянсак, “Футляр” - буга чейин чыгарылып келген “Физик” торпедасынын жакшыртылган үлгүсү. Жаңы куралдын узундугу 7,2 метр болсо, салмагы 2200 килограммды түзүп, атылганда 50 чакырымга чейин жүрө алат. Торпеда кемелерди жана суу алдында жүрүүчү кайыктарды кыйратууга багытталган.

Торпеданы Орусия кыргыз жеринен, тагыраак айтканда, Ысык-Көлдөн сыноодон өткөргөнү жатканы айтылат маалыматта. Эмне үчүн Ысык-Көл тандалып алынганы белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: