super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кайненем "өлгөнү калдым, чарчадым" десе болбой "балам, энеңе бар" деп жармаштыра берем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненем өз баламды менден кызганат" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун жазган билдирүүсү:

"Турмушка чыкканыма эки жыл болуп калды, эл катарында менин да боюмда тез эле болду. Боюмда болгондон баштап кайненем менин ичимдеги баламды өзүмдөн кызганып баштады. Мен ага көңүл бурган жокмун. Аман-эсен көз жарып алдым, ошондон баштап кайненемдин кызганычы күчөй баштады. Мен баламды алсам "жаткызып кой, бала сага окшош эмес, атасынын өзү, эмчектен чыгарып өзүмө бер, мен өзүм багам" дейт. Алып эмизип отурсам жаман көрүп жатат. "Бар иште" дейт мени, а мен баламды кайненеме бергим келген жок, бербейм деп айтсамбы?"

Темага жооп катары жазылган билдирүүлөр:

"Менин кайненем "өлгөнү калдым, чарчадым" деп жатса дагы "балам, энеңе бар" деп жармаштыра берем. "Апа, 2 мүнөт карап туруңузчу" деген боюнча жок болуп кетем. Балам ыйлап болбой калганда, кайненем кыйкырганда гана барып эмизем. Карап жатканына сүйүнсөңүз болот, карабай койгондон Кудай сактасын. Кайненеңиз карап жатканда иштериңизди бүтүрүп алыңыз. Өзүмдүн апам мага "энесине түртө бер" деп айта берчү".

"Бул нерсеге көп деле маани бербеңиз, мынчалык кызганып жатканы, өтө жакшы көргөнү деп эсептей бериңиз. Сиздин жолдошуңузду өтө жакшы көрөт, баламдын баласы деп сүйүнгөнүнөн мунун баары болуп жатат. Кызым төрөлүп үйгө келгенибизде кайненем жанына алып жатып жүргөн, жанына мени да кошуп, чогуу жатчубуз. Бир жолу апамдардыкына барып 3-4 күн туруп келдик. Келгенден кийин кызым ооруп калды. "Менин кызымды оорутуп келдиң" деп мени кадимкидей урушуп, ыйлаган. Бир аз таңыркап калгам, көрсө, мунун баары жакшы көргөнүнөн гана экен. Кызым 5 жашка чейин чоң энеси менен чоңойду. Айтайын дегеним, бала баары бир сиздики. Ошончо чоңойтуп койсо да, баары бир жүрөгү сезип, кызым мен деп турат. Кезегинде мен да сага окшоп чоңдорго арыздангам. Ошондо бир эженин "бала баары бир ата-энесин эч кимден артык көрбөйт, чоңойгондо өзү эле ак-караны ажыратып алат" деп айтканы эсимде".

"Небере өз балаңдан да ширин болот деп калышат улуулар. Ошол сыңары чоң эне небересин жакшы көргөнгө толук акысы бар. Сиз төрөгөн бала ошолордун каны, уругу. Бул жерде кызганыч сиз тараптан жыттанып турат. Неберем деп кубанып, канча тилек кылып кыялданып жүргөн мүдөөсү орундалып, уулунун уулун колуна алып отурса кантип чебелектеп эзилбей коё алат? Ооба, тескерисинче, кайдыгер кайненелер да бар. Небереси ыйласа келинин жекире карап "Тур! Сооротчу тигиниңди" дегендерди деле көрүп жүрөбүз. "Же балаңды карай албайсың, же ишиң бүтпөйт" деп асылгандар да жок эмес. Сиз бешенелүү келин экенсиз. "Ии, апа, сиз жакшы" деп баланы кармата салып башка тиричиликке кенен жетишсеңиз болчудай. Ал эмес коңшу, абысындарынын көзүнчө көтөрө салып, мактап туруп балаңызды бактырып коюп дагы төрөп алсаңыз болот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
23.06.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайга шугур кылып энен барда тороп тороп кобойтуп бактырып чонойтуп алсан!балдарындын кантип чонойгонун билбей калбасын!кайненен караса кандай жакшы озуно убакыт ашырып канча ишини бутуросун акылы туура иштетип пайдалан!корот элем каралашпаганда манкан агып атыны таппай калат элен
23.06.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени энем бир жашымдан үч жашыма чейин баккан экен анан көзү өтүп кетип чоң атам жети жашыма чейин багып анан ата апаңа бар деген . Азыр чоң атам менен энемдин эмгектерин эстеп ыйлап алам.
23.06.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен озум багам Кудайым буюрса, кайнене эркелетип башына мигизип коет. Озундун тарбия бергенине эч качан жетпейт.
24.06.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syper.kelin4ek, ошол кайненен тарбиялап чонойткон куйоон жакшы го, анан кантип сенин баландан жакшы тарбиясын аясын?! Кайнене душман эмес ал эне баласына эч качан жамандык каалабайт.сен да эне болгондо тушуносун бул сезимди
23.06.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланды багып турган кайнене бары эн жакшы!
23.06.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо каарыган энелер бала багучуга айланабы
23.06.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Khabib,ооба да.)))Баардык энелердин тилеги небере баксам деген.
23.06.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге меники бакпайт анан
24.06.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ото ото бактылуумун коз тийбесин, жашыман апама окшогон кайненеге туш кылышын сураган элем, кайненем оз апамдай эле. Боюмда болгондон козумо карайт азыр эки баламды карап журот. Балдарым мени менен иши да жок энесин жылдыра коюшпайт а мен кенен жумуштарыма жетишем, конокко кыжаалат болбой, бала менен жудобой барам.
24.06.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энебиз бизди багып чонойгону жетет, карыганда бала бакпай, оздору учун жашоолору керек. Баланын ысыгын , суугун ата энеси тартыш керек.
24.06.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун тема экен,менин кайненем да жакшы,карайм бергиле эле дейт,бирок биз озубуз кызыбызды ото эле жакшы коргондуктон чыдап бере албайбыз да
24.06.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа ииий жакшыго кайненен.менин кайненем ала кет,которо кет деп туратго баламы,анын устунуно кыздарынын балдарын алып калып кыздарын Росс кетирип жиберген ошогода баладан тажааап калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: