Бишкек шаары боюнча 76 окуучу "Алтын бүтүрүүчү" төш белгиси менен сыйланды (фоторепортаж)















Бишкек шаары боюнча 11-классты аяктаган окуучуларга аттестаттар тапшырылды. Анын ичинен борбор калаада ийгилик жараткан алдынкы окуучуларга "Бишкек шаарынын алтын бүтүрүүчүсү" төш белгилери тагылды.
Быйыл Бишкек шаары боюнча 5464 мектеп бүтүрүүчүсү жалпы орто билими жөнүндө аттестат алды. Анын ичинен артыкчылык аттестаты менен бүткөн 76 окуучуга "Бишкек шаарынын алтын бүтүрүүчүсү" төш белгиси тагылды. Салтанатка Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, район акимдери жана окуучулардын ата-энелери катышты. Аземдин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө ак жол каалаган тилектер айтылды. Салтанаттын соңунда ыр-бий тартууланды.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 2015-2016-окуу жылында 11-классты 62 миң, ал эми 9-классты 93 миң окуучу аяктады.
Бүтүрүүчүлөр аттестат алышты
Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:48
2025-06-22
16:31
2025-06-22

Рейтинг:
0

Менда аттестат алдым бүгүн.