super.kg logo

Ош шаарында 14 мектепте эс алуу лагери уюштурулду

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 14 мектепте эс алуу лагери уюштурулду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, комиссиянын чечимине ылайык, балдардын жайкы эс алуу лагерлери 10 күндүк мөөнөт менен уюштурулду. Анда социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөдөн 560 бала эс алууда. Ал эми балдар менен иштей турган кызматкерлерге оорулардын алдын алуу үчүн санитардык агартуу иштери боюнча инструктаж өткөрүлдү.

“Жыл сайын социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлүп келүүдө. Ошого байланыштуу быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектептердин өзүндө лагерь уюштурдук”, - деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 58 788 окуучу болсо, анын 8965и социалдык жактан коргоого муктаж жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнүн балдары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: