Бишкектин Биринчи Май районунунда 36 көп балалуу эне Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалдары менен сыйланышты





Бишкектин Биринчи Май районунун администрациясы райондогу 36 көп балалуу энени Баатыр эне ордени, Эне даңкы медалдары менен сыйлады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Баатыр эне ордени менен 20 эне сыйланса, Эне даңкы медалы менен 16сы сыйланды", - деп айтылат маалыматта.
Энелерди райондун башчысынын атынан биринчи орун басары Канат Бейшенов куттуктап, өсүп келе жаткан муун үчүн энелер берген тарбия чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары энелерге ден соолук, бакыт жана амандык каалады. Маалыматка ылайык, сыйланган энелерге медициналык тейлөөдө жана социалдык маселелерди чечүүдө жардам көрсөтүлүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-07-02
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Malik92

24.06.2016. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олконун туштук аймактарына деле конул буруп карап койсонор боло?!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.