super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кочкордо 4-класстын окуучусу сейрек кездешүүчү мадыл жандыгын кармап алды

 

Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар сейрек кездешүүчү мадыл жандыгынын баласын кармап алышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.

"Кой жайып жүргөн 4-класстын окуучусу Эмил уулу Мырзабек чанда кездешүүчү жандыкты көрөр замат ээрчитип жүргөн иттерине кубалаткан. Жаш мадыл таштын коңулуна кире качкан. Мырзабек дароо мойнуна сыйыртмак ыргытып, артына жүргөн жем баштыгына салганга жетишкен. Аны Бекташ Байсалов деген мергенге алып барган. Учурда ал жандык тордо камалып турат.

Бекташ мергенчи мадылды К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин зоологиялык музейине тартуу кыларын, сейрек кездешүүчү мындай жандыкты биология мугалими Жанат Кокобаев катырары маалым болду. Кызыгы, бул мадыл боюн жыйрып, көрсөтпөөгө аракет кылат экен. Кадимки мышыкка окшогону менен, маңдайкы 4 тиши чоң келип, куйругунун жоондугу да өзгөчө экен", - дейт окурман.

Маалымат үчүн: Мадыл - мышыктар уруусундагы сүт эмүүчү. Денесинин узундугу 50 сантиметрге жетет, куйругу 21-31 сантиметрди түзөт. Өлкөнүн түндүк аймагында, Ысык-Көл, Чүй, Тянь-Шань тоолорунда: Үзөңгү-Кууш, Сары-Жаз, Ак-Шыйракта жана башка жерлерде өткөн кылымда кенен таралган. Мадыл токойсуз, бадалсыз, ачык жерлерди, тоонун сырттарын, тоо бетиндеги шагыл таштар, аскалардын жаракаларын мекендейт. Бул жандыктын көбүрөөк жолуккан жерлери - кемирүүчүлөрдүн топ-топ болуп жашаган жерлери. Мадыл суур ийининде жашайт. Ал сейрек кездешет, андыктан 1975-жылдан тартып Кызыл китепке киргизилген жана коргоого алынган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(32)
24.06.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сейрек кездешкен жандык экен андан бетер аны жок кылбастан кое берсин.
24.06.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кандай гана мыкаачылар,кое беришсин кыйнап тор ичинде камабай!!!
24.06.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жапайы мышык сыяктуу корунот екен койуп жибергиле силерге не ал жаныбар нанынар талашып жатабы озунон озу кобойсун.
24.06.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
СОНУН го биринчи көрүшүм,бирок көбөйткөндүн ордуна...катырабыз!дегени чатак экен
24.06.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызыл китепке кирген жаныбарларга кол салууга болбойт эмеспи...
24.06.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Койо бергиле байкуш макулукту. Анда не куноо.
24.06.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жапайы мышыкко
24.06.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кочкордон улам бир нерсе чыгаткен го. хехехе
24.06.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар качан онолобуз,качан ойгонобуз бул жаныбар кызыл китепке киргизилсе эсептелуу санда болсо, кобойтолуу дегендин ордуна катырабыз дегенинер туура эмеско туугандар.
24.06.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал байкуштуда жеп койгула, же болбосо терисин сыйрып саткыла, баарын жайлагыла, тируу эя нерсени калтырбагыла ал жагынан силер мастерсинерда.
24.06.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коё бериш керек аны катырып не кылат. Озунон озу кобойсун
24.06.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул баласы болсо чондору чон болсо керек.
24.06.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мышык менен кошуп койбосунарбы аралашат бекен
24.06.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кое бериш керек же ошол катыргычтарга мыйзам чегинде чара коруш керек. Кызыл китепке кирген болсо кое беруу керек. Ансыз да жаныбарлар кырылып жоюлуп баратат.
24.06.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттар эми киришсенер. Кое берсин жаныбарды.
24.06.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон адам эмес кичинекей балдарыбызда деле аео сезими калбаптырго иттери менен кубалап зыянсыз жандыкты кармап алса. Аны болсо мактанып жазып жатышат. Билимсиздик жана мыкаачылыгыбыз качан калат? Мугалим сорой катырып коем дейт, сейрек кездешкен, кызыл китепке кирген жаныбыр экен кое берели дегендин ордуна.
Vacant түзөттү 2016-06-24 14:15:47
24.06.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мадылды өлтүрбөй эле кое берсеңер болбойбу эми, өзү сейрек кездешсе, анан өлтүрбөй эле койсоңор...
24.06.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койберип койгулачы сураныч.Катырып эмне кыласынар
24.06.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
кетти смартфон авторго
24.06.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Откон кылымда коп болчу бул сыяктуу жаныбарлар,бугунку кундо болсо эсептелуу эле калыптыр,,адамдардын баары эмес,бирок аларды олтургондор кандай гана мыкаачылар!!!
24.06.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзү сейрек кездешкен жаныбар болсо, катырып коёбуз дегенине жол болсун.
24.06.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш жаныбардын да уйбулосу бар го, мугалим агайдын жаратылышты жандандыруунун ордуна катырабыз дегени туура эмес. Капаста кармалып турганынан пайда жок, коюп жибергенинер эн туура сапат!
24.06.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Былтыр жайлоодо калып кеткен мышыкго
24.06.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биринчи жолу көрүшүм..Кое берүү керек.
24.06.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Okuuchunu, mergenchini joopko tartysh kerek.Mugalim soroi jandykty katyra turgan bolso any da kamash kerek.
FSB түзөттү 2016-06-24 19:15:38
25.06.2016. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик иним бирок кыйнабай койберип койгула
25.06.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кишини олтуруп салды десе мынча болушпайсынар го тим эле баарынар боорукер боло каласынар да.Оозунарга карап суйлогулочу мастерсинер дебей.Бала деле жаман оюу жок жазса керек.Кичинекей баланы мыкаачы деп.Озунордун балдарынар барбы деги
25.06.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адам баласын катырып койгонду кордунор беле жазат десе эле жаза бересинерби
26.06.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
albertkg95, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-26 12:53:48
26.06.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rashinboy, этика нормаларын сактаңыз! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-26 13:01:15
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: