super.kg logo

Агенттик: "Кыргыз жеринде 80 мадыл бар, 1 мадылды өлтүргөндөргө 25 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат"

 

Мадыл 1975-жылы Кызыл китепке кирип, сейрек кездешүүчү жандык катары коргоого алынган. Бул жандыкты кармоого, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Салайдин Камалдинов билдирди.

Анын айтымында, мадылды өлтүргөндөргө 25 миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Кошумчалай кетсек, окурман SUPER.KG порталына Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар мадылдын баласын кармап алышканын кабарлаган. Окурман олжо ээлери колго түшкөн мадылды катытууну пландап жатышканын жашырган эмес.

Акыркы алынган маалыматтарга караганда, өлкө боюнча мадылдардын саны 80ди түзөт.

Маалымат үчүн: Мадыл - мышыктар уруусундагы сүт эмүүчү. Денесинин узундугу 50 сантиметрге жетет, куйругу 21-31 сантиметрди түзөт. Өлкөнүн түндүк аймагында, Ысык-Көл, Чүй, Тянь-Шань тоолорунда: Үзөңгү-Кууш, Сары-Жаз, Ак-Шыйракта жана башка жерлерде өткөн кылымда кенен таралган. Мадыл токойсуз, бадалсыз, ачык жерлерди, тоонун сырттарын, тоо бетиндеги шагыл таштар, аскалардын жаракаларын мекендейт. Бул жандыктын көбүрөөк жолуккан жерлери - кемирүүчүлөрдүн топ-топ болуп жашаган жерлери. Мадыл суур ийининде жашайт. Ал сейрек кездешет, андыктан 1975-жылдан тартып Кызыл китепке киргизилген жана коргоого алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
24.06.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдан туура кылат кызыл китепке кирген жаныбырларды сакташ керек толотсун штрафты.Токойду кыйып жаныбарларды кырып бутмой болдук го эртен келечекке эмне калтырабыз деги
24.06.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото аз экен жок болуп да кетиши мумкун аларды кармап эле атайын бир жерде кобойтуу зарыл мага бир жуп беришсе озум багып кобойтот элем
24.06.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдик кабарга мадылды кармап алып мактанып жазгандарга сразы жазгыла штрафты.Кызыл китепке кирген жаныбарды кармап алып мактанышыптырго
25.06.2016. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmat_83,ал элдик кабарга жазып тетирисинче катырып коюудан сактап калды го рахмат айтуу керек ага же смартфонду бериш керек
24.06.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э бул жон еле мышык го
25.06.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25мин сом эмес 25мин доллар салса болчудай. Айып пул ото аз. Болгону 80 калса. Жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек
25.06.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мышык уруусуна кирет, бирок мышыктан чонураак жана узунураак. 25 мин сом аз. 1 млн сом десе окшошмок, бир жолу эле 1000 сом штраф десе деле болмок экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: