super.kg logo

"Кара-Кече" көмүр казуу ишканасында 1 айдан бери иш токтоп, 90 адам ишсиз калды (видео)

 

Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр казуу ишканасынын филиалында 1 айдан бери иш токтоп турат. Бул тууралуу Жумгал райондук жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Калыбек Ажыгулов бүгүн, 24-июнда маалымат жыйынында билдирди.

"Кара-Кече" көмүр казуу ишканасына жаңы жетекчи келгенден бери күйүүчү май алынып келбей, техникаларга керектүү тетиктер алынбай, иш токтоп калды. 1 айдан бери 90 адам ишсиз жүрөт. Бул маселени жетекчибиз чечиш керек болчу", - деди Калыбек Ажыгулов. Ишкананын кызматкерлери президент Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазышканын, бирок жыйынтык жок экенин кошумчалады төрага.

Буга чейин "Кара-Кече" филиалынын директору Таалай Ашыровго 2015-жылы 20-январда кылмыш иши козголуп, 2016-жылдын май айында жумуштан бошотулуп, ордуна Талант Бокешов келген.






"Кара-Кече" көмүр казуу ишканасы 1 айдан бери иштебейт

"Кара-Кече" көмүр казуу ишканасында иш токтоп, 90 адам ишсиз калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: