super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мен жигит үчүн эмес, баркталбай калган тунук сүйүүм үчүн ыйлагам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйгөнүңөр үчүн ыйлаган учурлар болду беле?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Окуучу жана студент кезимде эч бир бала үчүн ыйлаган эмесмин. Тескерисинче, алардын ыйлаганын мисирейип карап турчумун. Көрсө, алардын бирөөсүн да сүйчү эмес экенмин. Азыркы учурда сүйүүнүн айынан көп ыйламай болдум. Кээ бирде түшүнбөстүк болуп кетет. Түшүндүргүчө ушунчалык катуу сөздөр менен жүрөгүңдү оорутат. Эки жылдан бери ушул жолуктурган сүйүүм менен кандай гана күндөрдү өткөрбөйүн баары бир бактылуумун".

"Ооба, ыйлагам, ушул жашка келип биринчи жана акыркы жолу ыйласам керек. Жинди суунун айынан үч жылдан ашык сүйлөшүп жүргөн кызыма жетпей калганда ыйлаганмын".

"Сүйгөнүмдү ала качып кеткенде ыйлагам. Ошондо ал кыз менен акыркы жолу сүйлөшкөм жана акыркы жолу ыйлагам. Ошол кызды катуу сүйгөн окшоймун деп ойлоп калам".

"Ыйлагам, ал мезгилде ыйлабай коюу мүмкүн эмес эле... Мен жигит үчүн эмес, баркталбай калган тунук сүйүүм үчүн ыйлагам. Өзүмө көптө келгем, “Мейли өзүнөн көрсүн, мен сүйүүмдү эч качан таңуулабайм. Жашоодо мындан да таза сезим бардыр, ал бут алдында эмес, алакан үстүндө баркталчу сүйүү болор” деп өзүмдү жоошутканым эсимде. Азыр ошол жигит бактылуу болсо экен деп тилейм. Анан бизге, болочок түгөйүм экөөбүзгө да Жаратканым түгөнбөс сүйүү, кетпес бакыт насип этсе экен деп тилейм".

"Мен да ыйлагам. З жылга жакын сүйлөшүп жүргөн кызымдан айрылганда ыйлагам. Кайда барсам жанымда ээрчип жүрчү. Мен окуган окуу жайдагылардын баары билчү. Ал кыз Караколдон болчу. Каникулга кеткенде сагынсам Бишкектен Караколго барып жолугуп келчү элем. Атасы оштуксуң деп бербей койбодубу... 2-3 айга жакын өзүмө келе албай жүргөм. Кээде түшүмө да кирчү, ошондо да ыйлачумун. Тагдыр экен, башкага үйлөндүм".

"Мен сүйгөн жигит үйлөнүп, кыздуу болгон. Ал жигиттин апасы бизге тууган болуп кетет. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү туугандарыбыз билчү. Бир күнү апасын жолдон көрүп калдым. Уулум кызына сенин атыңды коём деп тополоң кылды. Келиним капа болбосун деп араң башка ат койдукдегенде аябай жаман болдум. Үйгө келип аябай ыйлагам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.06.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык тема экен .
24.06.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тема экен. Мен да 9-класста ыйлагам. Мени таштап башкага кетип калганда. Озу 3ай эле суйлошкон элек,билинбей жургон мн аябай катуу суйуп калган экен элем. Ошоодон бери коп эле кыздар мн суйлоштум бирок эч кимисин суйо албай койдум. Корсо адам бир эле жолу суйот окшойт деп ойлоп калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: