super.kg logo

Шаардын борборундагы мамлекеттик цирктин алдында сарымсак, капуста өстүрүлүп, кимдир бирөөнүн бакчасына айланган (фоторепортаж)

 

ЦИРК - МАДАНИЯТТЫН БИР БУТАГЫ

Ар бир адам майрам күндөрү үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору менен маданий жайларга эс алууга шашылат. Кимдир бирөө эстрадалык ырларды жактырса, кимдир бирөө опера ырчыларынын ырын уккусу келет. Ал эми дагы бирөө цирктеги чимирилип ойногон өнөрпоздордун оюнун көргүсү келет.

Бүгүнкү күндө цирктин күйөрман, көрөрмандары арбын. Кыргыз мамлекеттик цирки 1976-жылдан бери иштеп келет, бирок анын бүгүнкү абалы канааттандырарлык эмес. Анда иштеген кызматкерлер бүгүн, 24-июнда жыйын өткөрүшүп, мамлекеттик циркте бир да жолу оңдоо иштери болбогондугун, тегерегине ар кандай жер-жемиштер айдалганын айтышкан. Айтылган сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн кызматкерлер менен чогуу имаратты көздөй бет алдык.

Мамлекеттик циркте жалпысынан 45 кызматкер эмгектенет. "Учурда цирктин абалы абдан оор. 40 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери өткөрүлгөн эмес. Имараттын алдында гүл өстүрүүнүн ордуна сарымсак, капуста эгилип, бүтүндөй кыргыз элине уят болдук. Советтер Союзунун убагында кыргыз цирки бүтүндөй союздук республикалардын ичинен алдынкы орунда турчу. Азыр талкаланып урап баратабыз", - дейт Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кадырбек Тажиев.

Чынында, цирктин тегереги кадимки жер-жемиш айдалган эң жакшы багылган бакчадай болсо, имараттын бетиндеги жазуулар бейбаштар жашаган шаардагы имараттын элесин жаратат. Мындан улам "Бул жакты көзөмөлдөп, иретке келтирчү адам жокпу?" деген суроо туулду. Мамлекеттик имараттын аймагында жер-жемиштердин өстүрүлүшү өзгөчө таң калтырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана кыргыз элине цирк кызматкерлеринин кайрылуусу: "Урматтуу кыргыз эли! Урматтуу президент! Тарых жана маданият жылында цирк кызматкерлерин сактап калгыла. Кырылып кетмей болдук. Урматтуу кыргыз эли, маданий жайлардын бири болгон цирктин айланасын ыплас иштерден тазалаганга жардам бериңиздер. Шаардын так ортосунда жайгашкан имараттын айланасына капуста, сарымсак эгилип, бүтүндөй кыргыз элине, маданиятты түшүнгөн дүйнө элине уят болдук. Биз үчүн ыйык болгон маданий жайыбызды түнкүсүн сойкулар каптап, абийирден кеттик. Маданиятты түшүнбөгөн жетекчи келип, абалыбыз оор".

ЦИРКТИН ИЧИНДЕГИ ЖАНЫБАРЛАРДЫН КЫГЫ БИР КАНЧА УБАКЫТТАН БЕРИ ҮЙҮЛҮП ЖАТАТ

"Цирктин айланасын чөп басып, тазалаган адам жок. Акыркы убакта цирк талкаланып жок болуп баратат. Маданият жана туризм министри Алтынбек Максүтов министрлик кызматка келгенден бери цирк кызматкерлери менен бир да жолу жолугуп, абалыбызды сураган жок. Биздин абалыбызды сурабай эле койсун. Мамлекеттик цирктин абалын көрүүгө кызыккан жок", - дейт режиссёр Клара Тажиева.

"Учурда цирк кызматкерлери 3600 сомдон 4000 сомго чейин айлык алышат. Арабызда 18 жылдан бери ижара үйдө жашагандар бар. Циркте акыйкат жок. Айланасы кытайларга кафеге берилип, кытайлар сарымсак, капуста өстүрүп, балык багып жатышат. Имараттын короосунда бир канча убакыттан бери жаныбарлардын кыгы алынбай жатат. Бул деген шермендечилик!" - деди башкы машыктыруучу Анарбек Айталиев.

Цирктин сырткы көрүнүшү эле көңүл оорутса, ичи да адамды кейитет. Балдарды машыктыруучу жайдын полундагы линолеум сыйрылып, астынкы катмары көрүнүп калган.

Кээ бир ички дубалдарынын кара шыбагы көрүнүп, айрым электр лампалары эбак иштебей калган. Мындан сырткары кээ бир бөлмөлөрүндө электр жарыгы такыр эле жок.

Алыстан жашынакай, жакындан жан кейиткен, тегереги бирөөнүн бакчасына айланган шаардын борборундагы мамлекеттик цирктин бүгүнкү абалы эртең жакшырып калат деген оюбуз менен коштошпой туралы...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
24.06.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ак уй, кок уйду кара эрбей кичине бул цирке дагын конул буруп койсонор болор урматттуу ЖКтин 120 депутаты, окмот мучолору жана пр.министр менен президент
KGstan1981 түзөттү 2016-06-24 17:58:26
24.06.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
,120 депутаттын колу бошобой жатат. Алар тытынып иштеп жатат . Башкаларга айтыш керек. Президент да бош эмес .
24.06.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2миллион акчаны парламенттин жыйынын тарткан каналга бергенче ушул цирктин ондоп туздоо иштерине берсе болчудай экен
24.06.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меним угушумча бул цирктин диретору маданият тармагына такыр тиешеси жок бир бизнесмен экен.Атамбаевтин кезинде шофер президентин советниги, ал ми жансакчысы ГКНБнын бир болумунун башчысы ал эми мындай маданият борбору б.э. цирке бизнесменди директор кылып дайындоого абдан окунучтуу корунуш.
24.06.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGstan1981,бул директор Атамбаев жокто эле иштечу директор болуп бакиевдин учурунда
24.06.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне деген шумдук?)))) УЯТ дегенди тап такыр эле унутуп калышканго. Цирк болбой эле айыл чарба болуп калган го))
24.06.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
жакшы
24.06.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Цирк деген жазууну алып салып эле ордуна Совхоз деп жазып койчудай эле болуп калыптыр. Уят!
24.06.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башка өстүрө турган жер калбай калганбы?!
25.06.2016. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эх бизге ушундай бийлик керек
25.06.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Райхан чоп дагы осуп калганбы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: