super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Жалындаган махабат" клиби таң эрте тартылгандыгы менен эсимде калды" дейт Абир Касенов

 

Абир Касенов кыргыз шоу дүйнөсүндө токтоо, чыгармачылыгына олуттуу мамиле жасап, ар дайым изденүү үстүндө жүргөн жигиттердин катарын толуктайт. Жараткан ар бир чыгармасы күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, жакшы пикирлерге арзыйт. "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Жалындаган махабат" ырынын клиби да жогоруда айтылган сөздөрдү далилдейт.

Клиптин тартылуу таржымалы тууралуу ырчы мындай дейт: "Бул клиптин үстүнөн иштөө өткөн жылдын декабрь айында башталган. Ырдын музыкасы чыгыш стилинде болгондуктан, ага ылайык чыгыш стилинде клип тарттык.

Клип тартуу иштеринин таң эрте башталганы менен эсимде калды. Съёмка таңкы саат 3тө башталса, саат 8де деле тартуу процесси кызуу жүрүп жатты. Тартуу учурунда көп деле кыйынчылыктар жаралган жок, анткени өз ишин мыкты билген адамдар менен иштештик. Актёрлордун курамында Бакыт Шаршембиев, таланттуу Айгүл Курманова жана башкалар болушту".

Абир Касеновдун "Жалындаган махабат" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: