super.kg logo

"Ак шоола" балдар хору мектебинин турмушун чагылдырган даректүү тасманын бет ачары (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 25-июнда Бишкектеги "Ак шоола" балдар хору мектебинин турмушун чагылдырган даректүү тасманын бет ачары өткөрүлдү. Эскерте кетсек, жакында аталган мектептин 30 жылдыгы белгиленген.

Ачылыш аземине "Ак шоола" балдар хору мектебинин жамааты, ата-энелер жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Тасманы тартуу иштери 2015-жылдын октябрь айында башталган. Балдардын жашоо-турмушу, мектептеги өткөргөн күндөрү тасмага түшүрүлгөн. Анын өзгөчөлүгү - эч кандай даярдыгы жок тартылып, күнүмдүк жашоодогу кызыктуу кадрлар менен толукталганында.

"Ак шоола" балдар хору мектеби 1986-жылдан бери иштеп келет. Буга чейин биздин мектеп түзүлгөндө кандай тартипте иш алып барса, азыр да дал ошондой тартипте иш алып барабыз. Анткени балдарды тарбиялоодогу багытыбыз ата-энелерге жагып, колдоо көргөзүп келишет", - деп билдирди "Ак шоола" балдар хору мектебинин көркөм жетекчиси Гүлмира Эсенгулова.

Учурда балдар мектебинде 200 балага 5 мугалим билим-тарбия берет. Буга чейин мектеп жамааты балдарды тарбиялап коомго аралаштырууда зор эмгек жаратып, Мамлекеттик Жаштар сыйлыгын алган. Эл аралык маданий фестивалдарга катышып, 15ке жакын өлкөгө барып, өз өнөрлөрүн тартуулап келишкен.

Балдар киносун жаратууда режиссёрлук кылган Чолпонай Бөрүбаева тасма жаратуу бир топ татаал жумуш экенин айтып берди. "Өзгөчө өспүрүм балдар менен иштөө, кино тартуу жөнүндө түшүнүгү жок балдар менен иштөө татаал болду. Ошентсе да баштаган жумушту аягына чыгарып, бүгүн бет ачарын өткөрүп жатабыз", - дейт режиссёр.

20 мүнөткө созулган кинону балдар кубануу менен кабыл алып, алакан чаап коштоп отурушту. Жыйынтыгында куттуктоолор айтылып, мындан аркы "Ак шоола" балдар хору мектебинин жамаатына ак жол каалаган тилектер айтылды.

Соңунда келген ата-энелерге жана балдарга таттуу суусундуктар жана шириндиктер тартууланды.

Балдар шириндиктер менен кошо таттуулардын даамын татышты.

Балдарга тартууланган таттуулар






"Ак шоола" балдар хору мектеби

“Ак шоола” балдар хорунун көшөгө артындагы жашоосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
28.06.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жми сюда
SUPER.KG видео
29.06.2016. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!!!!
Медиа-портал
08.05.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун хор да "Ак шоола". Бар болунуздар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: