super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жерине квалификациясы жок жумушчу күчтөрдүн агылып келишин чектөө сунушталды

 

Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматы улуттук эмгек рыногун көзөмөлсүз чет элдик мигранттардын агымынан коргоо жолун сунуштады. Бул үчүн мамлекеттин айрым мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жагы каралууда. Тагыраагы, бир ишканада иштеген чет элдиктердин санын жалпы жумушчулардын 10-20 пайызынан ашырбоо жана мигранттардын санын бир нече категорияларга бөлүү сунушталат, мисалы: жумуш берүүчү тарабынан белгилүү мөөнөткө, бирок бир жылдан ашык эмес убакытка иштөөгө тартылган чет элдик адистердин саны мекемеде иштеген жалпы жумушчулардын санынын 20 пайызынан ашпашы керек. Квалификация талап кылынбаган жумушта иштөө үчүн тартылган чет элдик жумушчулардын саны ишканадагы бардык жумушчулардын санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш жана башка. Жогорку квалификациялуу адистерге чектөө коюлбайт.

Миграция боюнча кызмат сунушталган мыйзам долбоору жумушсуздук күч алып турган шартта өлкөнүн миграциялык саясатын жакшыртууга багытталганын билдирүүдө. Мыйзам кабыл алынып калса, өлкөгө жогорку квалификациялуу адистердин агылып келүүсүн, квалификациясы жок чет элдик жумушчу күчтөрдү чектемекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: