Өлкөдө малга 40 миллион сомдук эн белги сатып алуу мерчемделүүдө

Өлкөдө малга 40 миллион сомдук эн белги (бирка) сатып алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, малды идентификациялоо менен өлкөдө этти чет өлкөлөргө, ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоого жол ачылат.
"Тендер жарыяладык. Учурда жеңүүчүлөрдү тактап жатабыз. Каттоо иши сентябрда башталат. 40 миллион сомго 750 миң эн белги (бирка) алууну мерчемдеп жатабыз", - деди басма сөз кызматы.
Учурда мал каттоо боюнча пилоттук долбоор Кара-Буура, Ноокат жана Ысык-Ата райондорунда ишке ашып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Алдыда эң маанилүү иштер толтура турат го ?
1-орунда чек ара маселеси !!! Эрте жазда алатопулардын 2 БТРи кирип келип бүтүндөй Кыргызстандын тынчтыгын бузуп, анысы аз келгенсип анча мынча чыккынчылар да арам ойлорун ишке ашырып калууга аз калды го .
Ушунчалык эле келесообу ? Чек ара десе акча жок дейт.