ЭЛДИК КАБАР: "Сарпашевге суроо: Эмне үчүн мамлекеттик документ мамлекеттик тилде толтурулбайт?"

Бүгүн, 27-июнда окурманыбыз WhatsApp аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге бир нече суроо менен кайрылды.
"SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасы аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынан суроолорума жооп алам деген үмүттөмүн.
1. Эмне үчүн мамлекеттик документ мамлекеттик тилде толтурулбайт?
2. "Атасынын аты" деген жерге эмнеге аты жазылбай, "Кубатовна" деп жазылат? "Атасынын аты" деп тургандан кийин "Кубат" деп эле жазылышы керек да?
3. Эмне үчүн биринчи аты эмес, фамилиясы жазылат? Кыргыздарда биринчи аты маанилүү да.
4. Эмне үчүн "фамилиясы" деп жазылат? Логикалык жактан кыргызча "теги" деген туура го?
5. Эмне үчүн кыргыз мамлекети үчүн жат болгон -ов, -ова, -ович, -овна деген кошумчаны алып салуу колго алынбай жатат?" - деген суроолору менен кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






.(((( Паспортко КЫРГЫЗ деп жазылсын.)))
Биздин атка минерлерди жең ичинен бирөөлөр башкарып жатабы дейсиң, ушундай макалаларды окуганда аргасыз.
Жообун кутуп жатабыз
1.Документтерди операторлор коруп беруу- 50 сом
2.Сурот даяр которуп барсан да (электрондук форматта) алып барсан да кассасына 120 сом
3.Документтерди тапшыргандан кийин 10 кундон кийин (заключение)сине 200 сом
Бул тарифтер мыйзам чегинде каралганбы? Баары кассадан тышкары.
Бирок кыргызбыз, кыргызбыз эле дейбиз озубузду ким айтат, озгорууну озубуздон баштасак кантет!?Айтайын дегеним,жогоруда чон эле эже -байкелердин жазганын корсон колунан бакчага барган баласы жулуп алып жазып жатабы деп ойлойт экенсин. ..
Озубузду озубуз сыйлап алалычы башкаларды айтпай туруп.