super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кара-Сууда өрттөнүп жаткан чөп Матиз унаасынын үстүнө түшүп, унаа толугу менен күйүп кетти

 

Кара-Суу районунун Сары-Колот айылында дыйкандын кичи автобусуна жүктөп бара жаткан чөбү электр зымына тийип өрттөнүп, анын кесепетинен Матиз унаасы да толугу менен күйүп кеткенин окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жергиликтүү дыйкан 200 чакты саман прессти кичи автобусуна жүктөп алып үйүнө баратканда чөп электр зымына тийип, өрт чыккан. Натыйжада күйүп жаткан чөп артында турган Матиздин үстүнө кулап түшкөн. Матиз ошол жерден толугу менен күйүп кеткен. Унаанын айдоочусу учурда ооруканада. Өрт өчүрүү кызматы өрт өчүп бүткөндөн кийин келди", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
27.06.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Матизди эч ким коргон эмесби артында турганын жылдырып койсо болмок байкуш киши эми толойтда ал матизди
27.06.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара матиз ошол жерде жан бериптирда а.
27.06.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
электир зымдарын бийик кылыш керек биз жакта да кече эле бир жаш бала зымды кармап каза болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: