Ажы башчыларын тандоо 29-30-июнь күндөрү өткөрүлөт

Ажы башчыларын тандоо сынагы 29-30-июнь күндөрү өткөрүлөт. Муфтият ажы башчылары үч этап менен тандалып алынарын билдирди. Биринчи этапта талапкерлер тест сынагынан өтүшүп, анда жогорку балл алган талапкерлер тандалат. Кийинки этапта оозеки сынак тапшырышат. Андан соң ажы башчылыкка талапкерлердин саны белгиленген сандан ашып кеткен учурда алардын ортосунда электрондук чүчү кулак өткөрүлөт.
Талапкерлерден араб тилин, Кыргыз Республикасынын дин мыйзамдарын жана маалымат технологияларын өздөштүрө билүүлөрү талап кылынат. Ошондой эле word, excel компьютердик программаларын билүүлөрү өзгөчө каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.