Бишкектеги мечит жана медреселер каттоодон өтөт
Бүгүн, 5-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясында шаарда жайгашкан мечит жана медреселерге арналган маселеси каралды. Иш-чарага укук коргоо кызматкерлери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү, мечит имамдары катышты. Анда укук коргоо кызматкерлери борбордогу диний кырдаал боюнча маалымат берип, шаардын талабына ылайык курулбаган мечит менен медреселерди каттоого алууну сунушташты. Жыйындын соңунда 2 айдын ичинде бул сунушту ишке ашыруу чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

