super.kg logo

Ысык-Көлдө 12 пансионат ишмердүүлүгүн токтотту

 

Ысык-Көлдө 12 пансионат ишмердүүлүгүн токтотконун 28-июнда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Талант Борочоров SUPER.KG'ге билдирди.

"Бостери айылында жайгашкан "Асыл-Таш" жана "Береке" пансионаттары экологиялык талаптарга жооп бербегендиктен жабылды. Аталган эс алуу жайлары чет элдик эс алуучуларды кабыл алууга даяр эмес. Ошондуктан ушундай кадамдарга бардык. "Асыл-Таш" пансионаты экс-депутат Равшан Жээнбековдун жубайына таандык", - деп айтты Борочоров.

"Береке" эс алуу жайына 2015-жылы эскертүү берилип, бир айлык мөөнөт ичинде экологиялык талаптарды жана өрт коопсуздугун жөнгө салуу керектиги айтылган. Бирок коюлган талаптар ишке ашырылган эмес Ошондуктан айып салып, кемчиликтерди иретке келтиргенче ишмердүүлүгүн токтоттук. Ысык-Көл облусу боюнча бул эки пансионаттан тышкары дагы 10 пансионат ишин токтотту", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, "Асыл-Таш" эс алуу жайы 2015-жылы мамлекетке 1 миллион 664 765 сом салык төлөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.06.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
28.06.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жердештер капа болбогула Ыссык-Колубуздун суусу тунук,тоолор курчап турган табияты кооз.Бирок сервисное обслуживание томон 3 деген баага татыктуу.Гостиницада иштегендердин англис тил нааары турсун кээбирлери даже орус тилин так суйло алышпайт.Бир гана Чолпон-Атадагы Рух-Ордо музейинде иштегендер уч тилде суйло алышат экен мамилери дагын сылык сыпаа 5 деген баага татыктуу.Башка жэрдегилер болсо ото орой мамиле жасашат эс алуу базанын териториясыга кирип кором десен акча талап кылышат.Ажаатканала
KGstan1981 түзөттү 2016-06-28 13:34:55
28.06.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башкасын кылбасада туалетти таза кармагылачы. Кээ бир коомдук жерлерде киргенге да болбойт. Бул сунуш жалпы Кыргызстандын туалети бар мекемелердин кожоюндарына
29.06.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп эле акча табыш керек,,мындан юг жагындагы Маркополага келгиле баары жакшы жаны заманбап,,и тамактарына ыраазы болдук баасы нормально..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: