super.kg logo

Бишкектеги Исанов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактар 3 күндөн бери иштебей, жол кырсыктарына себеп болууда

 
Жол кырсыгына күбө болгон милиция кызматкерлери Жол-кайгуул кызматын чакырбастан, көрмөксөн болуп басып кетишти.
Сынган жол чырак калыбына келтириле элек.

Бишкектеги Исанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак 3 күндөн бери иштебей турат. Бул айдоочулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратууда. Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун: “26-июнь күнү жол кырсыгы катталып, бир унаа жол чыракты сүзүп кеткен. Ошондон бери бул көчөлөрдүн кесилишиндеги башка жол чырактар да иштебей турат. Тиешелүү кызматтагылардын эч кимиси көңүл бөлгөн жок. Ал эми сынып, кулап калган жол чыракты кечээ гана алып кетишти”, - деп билдирди.

Ал ортодо бүгүн саат 9:30 чамасында так ошол көчөлөрдүн кесилишинен Хонда Фит жана Мазда үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүштү. Унаалардын айдоочулары кырсыктын келип чыгышына жол чырактын иштебегендиги себеп болгонун айтышууда. Өзүн Хасан деп тааныштырган Хонданын айдоочусу окуя тууралуу буларды айтты: “Фрунзе көчөсү менен күн батыш тарапка бараткам. Жол чырак иштебей, күйүп-жанып турган экен. Унаалар тыгында туруп калышты. Фрунзе көчөсү башкы болгондуктан, жол биздики эле, айдап баратсам Исанов көчөсүнөн бир унаа чыга калып, аны сүзүп алдым. Ал унаанын айдоочусу өз күнөөсүн моюнуна алып, өз ара чечишип алалы деп жатат. Негизи, жол чырактар иштебесе, жол-кайгуул кызматкерлери унааларды жөнгө салып турушу керек эле да”.

Ал эми жол кырсыгына күбө болушкан милиция кызматкерлери көрмөксөн болуп кетип калышты. Алардын бирине кайрылып “Жол-кайгуул кызматын чакырып койбойсуңарбы?” деп суроо узатканыбызда ал “өздөрү чакырып алышсын” деп тим болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.06.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол милиция кызматкерин сүрөткө тартып чыгарып салсаңар болмок экен, бети жоктор десе!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: