super.kg logo

“Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзам долбооруна каршы медиа өкүлдөрү президентке, депутаттарга кайрылуу жолдошту

 

“Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзам долбооруна каршы медиа өкүлдөрү бүгүн, 28-июнда маалымат жыйын өткөрүшүп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго жана башка депутаттарга кайрылуу жолдошту.

Катышуучулардын бири, журналист Нарын Айып мыйзам долбоору тууралуу мындай дейт:

"Акыркы мезгилде эч кимге айтылбай түрдүү мыйзамдар даярдалып жатат. Көбү чет элдик көчүрмө мыйзамдар болууда. Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарды кабыл алууда эч кандай журналисттик уюмдар катышпай калат. Мыйзам телеканалдарга гана тиешелүү дешүүдө, бирок коомго бирди, бизге башканы айтып, өздөрү такыр эле башка нерсени жасап жатышат. Мунун артында чоң саясат турушу мүмкүн. 20 пайыздан ашпоо керек дешет. Бул нерсе тынчсызданууну жаратат. Негизи, бул мыйзам ички сындарды токтотуу максатында жазылып жатат".

Дагы бир журналист Авланбек Жумабаев: "Мыйзамдарды эч ким менен кеңешпей, изилдөөлөрдү жүргүзбөй эле депутаттардын кабыл алуусу кейиштүү. Биз бул мыйзам долбоорун юристтер менен изилдеп чыктык. Долбоордун авторлорун да чакырдык, бирок Жанар Акаевден башка эч кимиси келген жок", - деди.

Медиа өкүлү Тамара Валиева: "Бул президенттик шайлоого даярдыктай сезилет, себеби ММКны тизгиндеп тургулары келишүүдө. Биз бул маселени дыкат көзөмөлдөп турушубуз керек. Мыйзамдын кабыл алынуусуна жол бербөө зарыл".

Жогорку Кеңештин төрагасына жана депутаттарына жолдонгон кайрылууда мыйзам долбоорун кабыл албоо чакырыгы айтылып, мыйзам кабыл алынып калса, кол койбоону президент Алмазбек Атамбаевден суранышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.06.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul degen Atambaidyn shoilogo krata dayrdygy mmmm
28.06.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото туура мен колдойм бул законду
28.06.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кабыл албаш керек анда баякыле бийликтегилердин олкону тим эле кобуртуп жабыртып онуктуруп жатабыз дедиртип айттырышат.оппозициячыл телеканалдар чындыкты берип жатышканы учун ушул мыйзамды кабыл алышса керекда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: