super.kg logo

Жарандардын эсине: Паспорттун баасы - 137 сом 50 тыйын, андан ашыгы - коррупция

 

Кыргыз Республикасынын жарандарына ID-карта даярдап берүүнүн баасы - 137 сом 50 тыйын. Өлкөнүн бардык жеринде паспорт бөлүмүнүн кызматкерлеринин мындан ашык сумманы талап кылууга акысы жок.

Маалыматты 28-июнда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Элзат Кыдырмышова билдирди. Паспорттун өзүн даярдоо чыгымына 99 сом, мамлекеттик пошлина катары 30 сом, толтурулган бланк үчүн 8,5 сом кармалат. Эгерде жаран паспортун жоготуп же айрып алган болсо, анда 100 сом айып пул төлөйт. ID-карта 17 күндө даярдалып берилет.

Кыргыз жеринде жарандарды паспорттоштуруу тармагында коррупциялык иштер жоюлду дегенге болбойт. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү да буга кошулат. "Жарандар паспорт алып жатканда өздөрүнүн укуктарын билбей жатышат. Сураган акчасын бере беришет, анан "менден ашыкча акча алды" деп кайрылышат. Мындайда тийиштүү бөлүмдүн кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп, көбүнчө далилдин жоктугунан айтылган сөздөр далилденбей калат. Ошондуктан жарандар паспорт столдун кызматкерлерине акча берип жатканда акча эмнелер үчүн алынып жатканын тактап сурашы керек. Эгер кызматкер болбой эле ашыкча акча сурап жатса, анда далилдери менен бизге кайрылса, чара көрүлөт. Акчанын баары касса аркылуу төлөнүп, дүмүрчөк берилүүгө тийиш. Кызматкерлердин колуна акча берилбеши керек", - деди Кыдырмышова.

ID-картаны тез арада даярдап берүүнүн да тарифтери бекитилген, жарандар ал суммадан ашыкча 1 сом да бербөөгө тийиш.

2 саатта даярдап берүү - 6500 сом;

2 күндө даярдап берүү - 2500 сом;

4 күндө даярдап берүү - 2200 сом;

8 күндө даярдап берүү - 1800 сом.

Ал эми жалпы жарандык паспорттун жарандардын колуна тийгендеги баасы - 628 сом 50 тыйын. Кадимки шартта 20-25 күндө даярдалат. Тез арада даярдап берүүнүн тарифтери мындай:

2 саатта даярдап берүү - 6000 сом;

2 күндө даярдап берүү - 4500 сом;

4 күндө даярдап берүү - 4100 сом;

8 күндө даярдап берүү - 3800 сом.

Жарандар паспорт алууда ортодогу шылуундардын чөнтөгүн толтурбай, өз укуктарына бир сыйра көз жүгүртүп алышканы оң. Оңой бүтчү иш тийиштүү органдагы бюрократиянын айынан кыйындаган учурлар көп кездешет. Паспорт алуудагы же алмаштыруудагы акчанын суммасы кимдир бирөөлөргө билинбеши мүмкүн, бирок маянасы аз же жумушсуз үй-бүлөлөргө жакшы эле билинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
28.06.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мынча жакшы кабар,ушинтип элге жеткиликтуу маалымат бергениниздерге ыраазычылык билдиремин.Албетте сиздердин айтканыныздарды эске алып,укугубузду билели.
28.06.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
эээ ээээ эээ мен 1 жума болду 1400 сом берип тапшырдым, загран,ID картга ,срогу 31- майда бүткөн эле штраф деле сурабады,764 сом мамлекетке, калганы паракорлорго экен да э,биз 3 өөбүз бир тапшырдык 636 сом ар бирибизден жеди, ойлоп көргүлө күнүнө канча адам паспорт алат,мына сага коррупция, ошон үчүн КЫРГЫЗСТАН оңолбойбузда эх эх эх кыйын болду кыргызга аааа....
01.07.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rukopashnik, Senin ozundo kunoo bar, kayra onolboybuz dep koyosun. Oz ukugundu bilsen senden ech kim 1 tiyin ashikcha suray almak emes.
28.06.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
ушул жазганыңарды ар бир паспорт столго жазып илип коюшуңар керек,паспорт алган жарандар көрүп аа мынанча эле акча кетет экен го деп сураган акчасын бербейт паракорлордун...
28.06.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо ID менен Загранды 2 күндө алам десем 12500 сом төлөш керек болобу э?
28.06.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
MIRlan,2 саатта
28.06.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Военный билеттин коречкасы канча турат? билгендер жазып койгулачы? 1400сурап жатат. Андай болушу мумкунбу?
28.06.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
250сом мен жакында алдым
28.06.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маалымат учун чоон рахмат)
28.06.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен февралда алгам, фото, бланк... банкка комиссияч ж.б. деп, айтор, 1 айда келгени (адаттагысы)2 паспортко (загран жана Айди)950 сом кеткен
28.06.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охооо меники 2 ай дегенде келди 3600 го бутту окшойт же мынданда коп кеттиби эстей албайм
28.06.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабарго Мына эми эми Олкобуз онугуп осуу жолунда кудай каласа, Паспортум как раз жок эле эртенден алсам боло береби.
28.06.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен IDге эле 600сом бергемго шумдуктар десе
28.06.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен былтыр алмаштырганмын паспортту банкка 220 сомдой тологонмун
28.06.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,за гранга да ушул эле акчалар кетеби?паспорт алуу учун кандай документтер керектелет каерден окусам болот?
28.06.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болгон турбайбы,мен эки жылдан бери паспорт ала албай журом.Негизи эн жакшы иш кылыптыр онойлоштуруп паспортту.
28.06.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогоруда бироо жазып кеткендей ушул тарифтерди ар бир паспорт стол болумдоруно илип коюш керек да.Ошондо корррупция кыйла азаят эле,болбосо байкуш бечара эл билбей сураган акчасын бере берет да.
28.06.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жакында эле Манас районунун
28.06.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсыздарбы , мен IDпаспортумду жоготуп алганыма 1 жума болду , буюрса 1 июль москвага кеткени жатам угушумча чет олкодо IDпаспорт сурашып жатат деп угуп атам загран менен барсам кыйынчылык туудурбайбы ...
28.06.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир ай мурун паспортко тапшыргам. Айди картаны 4 күндүккө, загранды жөнөкөйгө эле. Банкка жогорку айтылган суммаларды төлөдүм, бирок начальнигиби кимиси, кол коюп берчүсү бар экен, ошол киши 500 сом алды, мен да сурабадым эмне үчүн экенин, башкалар деле сурабай берип жатты, баарына тез арада паспорт керек да, закондошконго убактылары да, каалоолору да жок.
tynara81 түзөттү 2016-06-28 20:03:55
28.06.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде паспорт боюнча маалымат алыныптыр,а карапайым эле башка дагы канча деген документтерди алат!Ошол учун кандайдыр бир маалымат алуучу булак болуш керек!Озунчо сайт болуш керек баалары боюнча,анан да ар бир документ тапшыруучу имаратта илинип турушу керек!
28.06.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен паспорт ( ID ) жоготуп восстановления кылгынга официально 179 сом кетти не официально 800сомго жакын акча кетти!!!
28.06.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин паспорттудун муноту бутот бир жылдан кийин заранее алмаштырсам болобу? Эгер болсо канча акча кетет канча кундо бутот болжол менен???
28.06.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul-bibi9109,4500менен бутот срочно алсан.дуйшомбу тапшырсан дума куну дая
р болот.
28.06.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция жоголуш учун динди жогорулатыш керек.Кудайдан корккон Адам еч качан биронун акысын жебейт деп ишенем.
29.06.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mech.kg, контроль болушу керек биринчи кезекте,жетекчиси баш болуп акча жыйган жерде коррупция боло берет, динчил канчасынын акыркы кундо кудайдан коркпой эле, Ман зат сатып, оспурумдорду зордуктап жаткандарын коруп жатпайсызбы.
29.06.2016. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 5кундо алдым.idкардды.6500го.1жума болду эле.бираз кутсом болмок экен гооо
29.06.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы жанылык болуптур. Менин да, досум ID жоготуп кайра жасаганга 25000 сураптырго чиркин озу бул жакта болчу ( Мос)
29.06.2016. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен.мунун баары эле иштеген жумушчулардын айлыктарынын аздыгыганго.айлыгы жакшы болсо мындай корунуштор азайаттыр бир топ эле.
29.06.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи эле кыргызстандын башкаруу системасы жакпайт мага. ким кошулат мага
29.06.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроо туулат эки саатта даярдап беребиз дейт, паспорт ошондо ар бир паспорт столдо даярдалып берилеби бул жагы кызык болууда
29.06.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shabdan_osh,менде да ушул суроо жаралды.
29.06.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shabdan_osh,менде да ушул суроо жаралды.
29.06.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
shabdan_osh,только бишкекте срочныйлар,,Бизде арзан го кызыма Караколдон загранга суротун озулору тартты кассага 680 сом толодум общий...бир айда келет деди
29.06.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан ош менде да ушул суроо жаралды.
10.02.2017. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен загран паспорт алайн десем 1300 сурап жатат загранга штраф толонобу? Билгендер барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: