Эгемберди Чалабаев жаңы кызматка дайындалды
Эгемберди Чалабаев Бишкектеги Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш жеткинчектер театрынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев кол койду. Айта кетсек, аталган театрды буга чейин Нурлан Асанбеков жетектеп келген. Раевдин буйругу менен Асанбеков 3-апрелде Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

