Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы жардыруудан 30дан ашуун адам каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды




28-июндан 29-июнга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда эки жардыруу орун алды. Андан 30дан ашуун адам каза болуп, 50дөн ашык адам жаракат алган. Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, жардыруу эл аралык каттамдар терминалында болгон. Каза болгон жана жаракат алгандардын арасында жаш балдар да бар.
Ошондой эле айрым маалымат каражаттары аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу орун алганын кабарлашууда.
Учурда аэропорт ишин убактылуу токтотуп, полиция жана "Тез жардам" кызматы жардыруу болгон жайда иштеп жатышат. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырымдын айтымында, жардырууну үч террорист ишке ашырган. Алар алгач аэропортко такси менен кирип келип, колундагы куралдар менен ок чыгарышкан. Өкмөт башчы жардырууга байланыштуу кризистик борбор ачууну тапшырды.
Стамбул шаарынын аэропортунда жардыруу болуп өттү


пенделер олуп жатат. Адамзат эмне
болуп баратат бири-бирине кастык
кылып жардыруу жасап,адамга кыянат
кылгандар тозоктун отуна куйсо керек.