Футбол боюнча улуттук курамдын коргоочусу Валерий Кичин орусиялык "Енисей" клубу менен келишим түздү

Футбол боюнча улуттук кураманын коргоочусу Валерий Кичин орусиялык "Енисей" футболдук клубу менен келишим түздү. Красноярск шаарынан чыккан клуб менен оюнчунун ортосундагы келишим 1 жылга түзүлдү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, футболчу акыркы сезонду "Тюмень" клубунун курамында өткөрүп, 33 оюнда 1 гол жаратууга жетишкен.
"Енисей" футболдук клубу Орусиянын Улуттук Футбол Лигасында (деңгээли боюнча Премьер-лигадан кийинки орунда турат) ойнойт. Акыркы сезондо клуб 20 команданын ичинен 16-орунду ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Elaman.alai

29.06.2016. 09:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне еле ар жака сатасынар оздору эптеп ойноп журушот кайра сатып алышкерек да.33 оюнда 1 гол киргизсе зашитник болсо дагы молодец
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.