super.kg logo

Жол-патрулдук милициясынын коштоп жүрүү кызматы акысыз ишке ашырылат

 

Милициянын коштоп жүрүү кызматы акысыз ишке ашырылат. Бул тууралуу Жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Тилек Оторов билдирди.

"Эгерде мамлекеттик маанидеги иш-чаралар болсо, ага эч кандай акы төлөнбөйт. Мында жол чыгымдары кайсы милиция кызматы коштоп жүрсө, ошол милиция бөлүмүнүн эсебинен каралат. Коштоп жүрүүгө бардык эле патрулдук милиция кызматкерлери чыга алышпайт. Бул кызматка атайын Жол-патрулдук милициясынын жол кыймылын көзөмөлдөөчү тескөөчүлөрү гана чыга алышат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, милициянын коштоп жүрүү кызматы атайын кызмат эмес. Бул жумушту аткаруучулар атайын окуудан да өтүшпөйт. Мындай жумуш чыкса, иш үстүндө коштоп жүрүүнүн тартиби менен аткарып кете беришет.

"Окуучуларды лагерге же атайын иш-чараларга алып барууда алгач тийиштүү жетекчилик кат аркылуу кайрылат. Ага эч кандай төлөм каралган эмес. Кайрылган тарап коштоп жүрүүчү унаалардын күйүүчү май акыларын гана төлөйт. Ал эми спортчуларды коштоп жүрүү тартиби да ушундай каралган", - деп билдирди Оторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.06.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Быйыл тарых жана маданият жылына карата Ош облусуна Сулайман тоого окуучуларымды алып барганы коштоп журууго милиция болумуно кайрылсак атайын машина берилбейт,бир милиционер силердин маршруткага чыгып алып кошо барып келет дешти.Андан сырткары ал милиционердин тамак-ашын да окуучулар мн кошо биз алып барып келет экенбиз.Андан коро деп озубуз эле маршруттун айдоочусун озубузго охранник кылып алдык,биз мн кошо журун деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: