super.kg logo

Ала-Бука районунда бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү

 

Ала-Бука районунда 6,5 миллион сомдук бала бакча курулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Атыр Алматова билдирди.

"Төрөгелди Балтагулов атындагы айыл аймакта жалпы сметасы 6,5 миллион сомго бааланган бала бакча курулуп бүттү. Бул имарат айыл аймактын эсебинен каржыланды. Учурда курулуш иштери толук кандуу бүткөрүлдү. Азыркы убакта ички жасалгасын жасоону колго алып жатабыз", - деп билдирди Алматова.

Белгилей кетсек, Ала-Бука районунда сентябрь айында эки бала бакча пайдаланууга берилет.

"Учурда бардык күч-аракетти жумшап жатабыз, анткени 1-сентябрда ачылыш аземи өткөрүлөт. Жалпы 60 баланы кабыл алабыз. Ал эми бүгүнкү күндө район боюнча 3020 наристе балдар бакчасында тарбияланып жатат", - деп кошумчалады Алматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: